Президент Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Казакстанга учуп кеткенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
“Астана шаарында Өзбекстан менен Казакстандын лидерлери Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынын өткөрүшөт”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Өзбекстандын Президентинин Борбор Азия мамлекет башчыларынын кезектеги Консультативдик жолугушуусуна жана «Борбор Азия + Япония» форматындагы биринчи диалогго катышуусу да каралган.
Мындан тышкары өзбек акыны Алишер Навоинин эстелигин ачуу пландалууда.



















