Тажикстан өзүнүн зооттолгон унааларын чыгара баштоону пландоодо.
Бул тууралуу республиканын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабир отчеттук маалымат жыйынында журналисттерге билдиргенин Sputnik Тажикстан жазды.
“Зооттолгон унааларды чыгаруу – бул Бириккен Араб Эмираттары менен биргелешкен долбоор. Процесс позитивдүү жүрүп жатат, өндүрүш түзүлгөн”, – деди ал.
Министрдин айтымында, жылына 14 түрдөгү 300гө чейин унаа чыгаруу пландалууда.
Ал муну менен республиканын, анын ичинде укук коргоо органдарынын ички муктаждыктарын камсыз кылынарын белгиледи.
Шерали Кабир ошондой эле Тажикстанда учкучсуз учуучу аппараттар чыгарылаарын, алар негизинен жарандык муктаждыктарга арналганын айтты. Алар айыл чарбасында жана геологияда жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда колдонулат.
Ал дрондорду өндүрүү технологиясы жөнөкөй экенин, ал эми тетиктерди түрдүү компаниялар жасашарын кошумчалады.




















