Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Ван провинциясына барды. Ал иш сапарында аймактын губернаторунун орун басары Мурат Ябашы жана Ван провинциясынын миграция департаментинин директору Фырат Гуреш менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Тараптар маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Аймактар аралык кызматташуунун алкагында Ван провинциясы менен Нарын облусунун ортосунда бир тууган аймактар мамилесин түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Мындан тышкары элчи Ван провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Неждет Таква менен жолугуп, тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо жана соода кызматташтыгын кеңейтүү маселелери боюнча бир катар маселелерге токтолуп, жыйынтыгында 2025-жылдын март айынан май айына чейин Ван провинциясынын бизнес-коомчулугунун Кыргызстанга сапарын уюштурууну макулдашты.
Министр иш сапардын алкагында мындан тышкары Вандагы “Юзунчу Йил” университетинин ректору Хамдулла Шевли менен да жолугуп, Кыргызстандын ЖОЖдору менен Ван “Юзунчу Йил” университетинин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин белгилешти. Ошондой эле элчи Ван провинциясынын коопсуздук башкармалыгынын башчысы Мурат Мутлу менен да жолугушту. Анда Ван провинциясында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө кеңири форматта сөз болду.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Түркиянын Чыгыш Анатолия жергесиндеги Ван вилайетин жердеген кыргыздар “Ван кыргыздары” деп аталып келет.
Вандык кыргыздардын кыскача тарыхына токтоло кетсек, Советтик аскерлердин күчү менен Ооганстанга социалисттик түзүлүш таңууланганда, алардын бир тобу Рахманкул хандын башчылыгы астында Пакистанга (Гилгит өрөөнүнө) өтүп кеткен. 1982-жылы бул топтун кыйла бөлүгү Стамбулга ооп барган, каалагандары кайра Ооган Памирине кайткан.
Түркия өкмөтү аларга Ван вилайетинен атайын жер бөлүп берип, жашоо-шарттарын түзүп, Улуу Памир айылын тургузуп беришкен. Андагы кыргыздардын саны азыркы күндө 5000ге жетет.


















