Испаниянын футбол боюнча улуттук курама командасы финалдык беттеште Англияны утуп, 2024-жылкы Европа чемпиондугун жеңип алды. Берлиндеги Олимпиада стадионунда өткөн жолугушуу 2:1 эсебинде аяктады.
47-мүнөттө Нико Уильямс Испанияны алдыга чыгарды. Англиянын жарым коргоочусу Коул Палмер 73-мүнөттө аянттын сыртынан гол киргизип, эсепти 1:1 кылды. Микел Оярзабал испаниялыктарга жеңиш алып келген голду негизги убакыт бүтөөрүнө үч мүнөт калганда киргизди.
Испания үч жеңиш менен Германияны утуп, төртүнчү жолу Еврону жеңип алды. Буга чейин испаниялыктар 1964, 2008 жана 2012-жылдары жеңишке жетишкен.
Англия курамасы Европа чемпионатынын финалында экинчи жолу ойноду. Акыркы турнирде британиялыктар финалга чейин жетип, Италияга пенальтилер сериясында жеңилип калган.
















