Ирандык компаниялар Борбор Азияда, анын ичинде Казакстанда ири гидротехникалык курулуштарды курууга ниеттенүүдө.
Бул тууралуу Казакстандын Суу чарба жана ирригация министрлигинин басма сөз кызматы мекеменин жетекчиси Нуржан Нуржигитов менен Ирандын энергетика министри Али Акбар Мехрабияндын жолугушуусунан кийин билдирди.
«Али Акбар Мехрабиян ирандык компаниялар Борбор Азияда, анын ичинде Казакстанда дүйнөдөгү эң ири плотиналардын бири болгон “Бахтияри” ГЭСине окшош гидротехникалык курулуштарды куруу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенип жатканын айтты», – деп айтылат маалыматта.
Андан сырткары, Мехрабиан Иран Казакстанга сугат суусун ташуу үчүн заманбап технологияларды берүүгө даяр экенин билдирди.
Нуржигитов өз кезегинде мындай долбоорлор Казакстандын түштүк аймактары – Жамбыл, Кызылорда жана Түркстан облустары үчүн зарыл экенин белгилеп, ирандык компанияларды сүйлөшүүлөр үчүн республикага чакырды.
«Суу ташкындары өлкөгө сел сууларын эффективдүү кое берүү жана аны андан ары пайдаланууга топтоо үчүн жаңы суу сактагычтарга муктаж экендигин көрсөттү. Ирандык компаниялар өз мекенинде абдан ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырууда. Аткарылган иштердин натыйжалуулугун көрүп, биз ирандык кесиптештерибиз менен тыгыз жана узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдарбыз”, – деп белгиледи Суу чарба жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов.
Нуржигитов андан мурда Ирандын Казакстандагы элчиси Али Акбар Жоукар менен жолугушуп, айдоо аянттарын сугаруу учурунда суунун коромжулугун азайтуу боюнча Иран менен тажрыйба жана технологияларды алмашууну талкуулаган.



















