Борбор Азия лидерлери Дагестан республикасындагы куралдуу кол салууну айыпташып, РФ президенти Владимир Путинге көңүл айтышты.
23-июнь күнү кечинде белгисиз куралчан адамдар Дагестандын эки шаарына кол салышты. Махачкалада православ храмы, синагога жана полициянын кайгуул бекети, ал эми Дербент шаарында чиркөө менен синагоганы аткыланып, диний жай өрттөнүп кеткен. Кол салуудан чиркөөнүн кызматкери менен кароолчусу, синагоганын күзөтчүсү, ошондой эле полициянын 15 кызматкери көз жумганы айтылган. Андан кийин Сергокала айылында полицияга кол калуу болгон.
Окуя боюнча “Теракт” беренеси менен иш козголуп, республика аймагына контртеррордук операция режими киргизилди. 24-25-26-июнь Дагестанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров РФ президенти Владимир Путинге көңүл айтып, каза болгондордун туугандарына жана жакындарына сабыр тилеп, бул трагедиядан жабыркагандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.
“Кыргызстан терроризмдин бардык түрлөрүнө каршы турат жана Россия Өкмөтүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдойт”, — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.
Казакстан
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Путинге Дагестандагы православдык чиркөөлөргө жана синагогго жасалган террордук чабуулдардан улам дин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн курман болгондугуна байланыштуукөңүл айтып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү сунуштаганы Казакстандын президентинин басма сөз кызматынын расмий Telegram-каналында айтылат.
Токаев Казакстан бул адамгерчиликсиз актыны кескин айыптап, БУУ, ШКУ жана башка беделдүү эл аралык уюмдардын алкагында терроризмге каршы күрөшүү боюнча көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү жактай турганын баса белгиледи.
Өзбекстан
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев россиялык кесиптеши Владимир Путинге көңүл айтуусунда Дагестандагы теракттарды айыптап, бул чакырыктарга каршы күрөштө тиешелүү түзүмдөрдүн активдүү өз ара аракеттенүүсүн улантууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу өзбек лидеринин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.
Асадов Өзбекстандын лидери Дагестандагы теракттарды кескин айыптаганын жана бул чакырыктарга каршы күрөштө тиешелүү түзүмдөрдүн активдүү өз ара аракеттенүүсүн улантууга даяр экенин билдирди.



















