Дүйнө Ливандын жаңы Газа болушуна жол бере албайт, жаңжалды аскерий жол менен чечүү мүмкүн эмес, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин зарыл резолюциясын аткаруу менен деэскалация гана керек, – деди дүйнөлүк уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриш.
«Ачыгын айталы: аймактын эли жана бүткүл дүйнө эли Ливандын дагы бир Газага айланышына жол бере албайт», – деди Гутерриш журналисттерге.
Ал чыр-чатактын тараптары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1701 резолюциясын аткаруу жана согуштук аракеттерди токтотуу боюнча милдеттенмелерин «тез арада» ырасташы керектигин белгиледи.
«Тез арада деэскалация бир гана мүмкүн эмес, ал зарыл. Аскердик чечим жок экенин дүйнө катуу жана ачык айтышы керек”, – деп баса белгиледи Башкы катчы.
Ал БУУнун бейпилдик күчтөрү да чыңалууну басаңдатуу үчүн иш алып барып жатканын кошумчалады.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1701 резолюциясы 2006-жылы Израиль менен “Хезболла” кыймылынын ортосундагы Экинчи Ливан согушунан кийин кабыл алынган. Анда Ливандын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин колдоо менен бир эле мезгилде Израилдин аскерлерин Ливандын түштүгүнөн чыгарууну жана ал жерге Ливандын бийлиги менен Бириккен Улуттардын Уюму тарабынан күчтөрдү жайгаштыруу каралган. Бул резолюцияга ылайык, Литани дарыясынын түштүгүндө Ливандын армиясына же БУУнун күчтөрүнө таандык болгондордон башка кандайдыр бир жарым аскерлештирилген күчтөрдүн болушуна тыюу салынган.
Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) 18-июнда Ливанга чабуул жасоонун аскердик пландарын бекиткендигин жарыялаган. Андан кийин өлкөнүн тышкы иштер министри Исраэль Кац Ливандын “Хезболла” кыймылы жок кылынарын жана толук масштабдуу согуш болсо Ливанга олуттуу зыян келтирилерин айтып коркутуп, Израиль түндүк фронттогу эрежелерди өзгөртө турган чечим кабыл алуу учуруна жакын экенин кошумчалаган. түндүк фронтто.
Өз кезегинде “Хезболланын” баш катчысы Хасан Насрулла шаршемби күнү, эгер тирешүү дагы күчөсө, кыймыл Израилдин түндүгүн басып кириши мүмкүн экенин билдирди.
Израиль-Ливан чек арасындагы кырдаал 2023-жылдын октябрында Израилдин Газа тилкесиндеги аскерий операцияларын баштагандан кийин курчуп кеткен. Андан бери Израиль армиясы менен ливандык “Хезболланын” күчтөрү чек арадагы аймактарда бири-биринин позицияларын күн сайын аткылашууда.
Ливандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Израилдин аткылоосунан улам Ливандын түштүгүндө 100 миңге жакын адам үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон. Израилдик тарап Израилдин түндүгүндөгү 80 миңге жакын жашоочу ушундай эле кырдаалга кабылганын билдирген.



















