Францияда 14-майдан 25-майга чейин эл аралык 77-Канн кинофестивалы болуп өттү. Ар жылы өтүүчү салтка айланган иш-чарага атактуу кино жылдыздары, топ-моделдер жана башка белгилүүлөр катышты.
Бул жылкы фестиваль өткөн жылдардан айырмаланып, айрым дүйнөлүк жылдыздар кызыл килемде өзгөчө образдар менен чыгып, Израилдин Газадагы ырайымсыз кол салууларынан жапа чегип жаткан палестиналыктарга үнсүз тилектештик билдиришти.
Палестиналыктарга колдоолорун билдирген фестивалдын коноктору кызыл килемге Палестинанын символдору түшүрүлгөн кийимдер, буюм-тайымдар менен чыгып, көпчүлүк көңүлүн бура алышты.
Алсак, Канн кинофестивалын көрккө бөлөгөн индиялык актириса Кани Кусрути Палестинанын желегин жана тилектештикти символдоштурган дарбыз формасындагы капчык көтөрүп чыкты. Кесилген дарбызда Палестинанын желегинин бардык түстөрү – кызыл, кара, ак жана жашыл бар.

Франциялык актриса Паскаль Канндын арабча “Палестина” деген жазуусу бар көйнөгү көпчүлүктү өзүнө бурду.

Франциянын ажарлуу актриса Лейла Бехти Палестинанын желегин символдоштурган төш белги менен чыкты.

Палестинанын желеги түшүрүлгөн төш белги менен чыккан франциялык актер Бастьен Буллон.

Фестивалдын калыстар тобунун мүчөсү, мароккалык кинорежиссер Асма Эль Мудир элдин көңүлүн Палестинанын желеги түшүрүлгөн колкабы менен бурду.

Франциялык кинорежиссер Жиль Порте кесилген дарбыз формасындагы төш белгиси менен өзгөчөлөндү.

Италиялык актриса Жасмин Тринка кинофестивалга дал ушундай образ менен келген. Анын көйнөгүнүн жакасынан Палестинанын желеги түшүрүлгөн төш белгини көрүүгө болот.

Австралиялык актер Гай Пирс да Палестинанын желеги түшүрүлгөн төш белги менен өзгөчөлөндү.



















