Эки өлкөнүн ички иштер министрлери талкуулай турган маселелердин бири эмгек миграциясы болмокчу.
Россия ИИМнин жетекчиси Владимир Колокольцев Тажикстанга келди. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган министрликтин маалыматына ылайык, Колокольцев иш сапарынын алкагында тажикстандык кесиптеши Рамзон Рахимзода менен жолугушуп, өз ара кызматташтыктын актуалдуу, анын ичинде эмгек миграция маселесин талкуулашат.
Ошондой эле министрлер РФнын ИИМнин Душанбедеги паспорттук-визалык кызматынын бөлүмүнүн ачылышына катышышат.
Тажикстанда Россия ИИМнин паспорттук-визалык сервиси ачылат. Бул тажикстандыктарга эмне берет?
Белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин Колокольцев Тажикстанга өткөн жылы июнда эки министрликтин биргелешкен коллегиясынын жыйынына катышуу үчүн келген.
Ошол учурда биргелешкен коллегия ошондой эле учурдагы коркунучтарга каршы күрөшүү, издөөдөгү кылмышкерлерди кармоо боюнча кызматташтыкты чыңдоо, технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштарды ооздуктоо, атап айтканда, электрондук акчаларды уурдоо жана экстремисттик, террордук топторду каржылоо маселелерди талкуулаган.
Белгилей кетүүчү жагдай, Россиядагы тажикстандык мигранттар дискриминациянын ар кандай түрлөрү, анын ичинде негизсиз текшерүүлөр жана кармоолор, уруп-сабоо жана россиялык укук коргоо органдары тарабынан ырайымсыз мамилелерге туш болушууда.
Өткөн жылкы жыйында да мигранттар менен алардын көйгөйлөрү негизги талкууланган маселелердин бири болгон.



















