Бүгүн, 18-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тажик кесиптеши Эмомали Рахмондун чакыруусу менен эки күндүк мамлекеттик сапар менен Душанбеге келди. Бул тууралуу Тажикстандын башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Өзбек лидерин Душанбе эл аралык аэропортунан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзү тосуп алды.
Расмий тосуп алуу аземи “Улут сарайында” болуп, андан соң мамлекет башчылары тар курамда жолугушту, деп билдирди Өзбекстандын лидеринин басма сөз кызматы.

Мирзиёевдин Тажикстанга мамлекеттик сапарынын алдында бизнес-форум өтүп, анын жыйынтыгында кызматташуунун жаңы долбоорлорунун жана соода келишимдеринин портфели түзүлдү. Алардын арасында машина куруу, электротехника, энергетика, тоо-кен, айыл чарба, текстиль жана фармацевтика тармактарындагы эки тарапка тең пайдалуу долбоорлор бар.
Президенттер эмнени талкуулашты

Алар саясий диалогду тереңдетүү, соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу, аймактар аралык байланыштарды жана маданий-гуманитардык алмашууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Эки өлкөнүн лидерлери ошондой эле Борбордук Азияда кызыкчылыктарды илгерилетүү жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча күч-аракеттерди бириктирүү максатында аймактык түзүмдөрдүн алкагында жана эл аралык платформаларда конструктивдүү кызматташууну улантууга өз ара умтулууларын ырасташты.
«Маданий-гуманитардык алмашууну активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, кино көрсөтүүлөрдү, концерттерди, спектаклдерди, көргөзмөлөрдү жана жаштар форумдарын өткөрүү жана билим берүү тармагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана жеткиликтүү туристтик программаларды өнүктүрүү зарылчылыгы белгиленди”, – деп айтылат өзбек лидеринин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Тарыхый документке кол коюлду

Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Мирзиёев менен Рахмон союздаштык мамилелер боюнча келишимге кол коюшту.
Президенттер кол коюлган эки тараптуу документтердин жаңы пакети, анын ичинде мамлекет башчылары кол койгон “Союздук мамилелер жөнүндө келишим” тарыхый документи кызматташтыктын укуктук негизин бир кыйла бекемдейт деген ишенимин билдиришкенин “Sputnik Тажикстан” тажик лидеринин басма сөз кызматына шилтеме берип жазды.
“Өкмөттөрдүн алдына соода жүгүртүүнү 2 миллиард долларга жеткирүү, анын ичинде өз ара товар жеткирүүнүн спектрин кеңейтүү жана чек ара соода зоналарын тез арада ишке киргизүү тапшырмасы коюлду”, — деп айтылат мамлекет башчыларынын тар курамдагы жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча билдирүүдө.
Рахмон Өзбекстан Тажикстандын стратегиялык өнөктөшү жана ишенимдүү союздашы экенин, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер өз ара достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоонун ажырагыс байланыштарынын негизинде курулгандыгын баса белгиледи.
Тар курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Шавкат Мирзиёев Эмомали Рахмонду өзүнө ыңгайлуу убакта Өзбекстанга келип кетүүгө чакырды.
Андан соң Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон эки өлкөнүн расмий делегацияларынын катышуусунда өткөн кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын карап чыгышканын Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун катышуучулары өзбек-тажик стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин, биринчи кезекте саясий, соода-экономикалык, транспорт-коммуникация жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
«Акыркы жылдары өз ара ишеним жана колдоо духундагы жогорку деңгээлдеги активдүү диалогдун натыйжасында өлкөлөр ортосундагы достук мамилелер болуп көрбөгөндөй бийик деңгээлге көтөрүлдү», – деп баса белгиледи Мирзиёев.
Ошону менен бирге тараптар кеңири масштабдагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн пайдаланыла элек зор потенциалдын жана зор мүмкүнчүлүктөрдүн бар экендигин белгилешти.
«Бүгүн кол коюлган Союздук мамилелер боюнча тарыхый келишимди ишке ашыруу үчүн бардык деңгээлдеги – парламенттери, өкмөттөр, тышкы саясат ведомстволору, министрликтер жана регинондор ортосундагы байланыштардын натыйжалуулугун бардык деңгээлде жогорулатуу зарыл», – деди өзбек лидери.
Ошону менен бирге президенттер энергетика, электротехника, металлургия, тоо-кен, текстиль, фармацевтика, агроөнөр жай жана башка тармактарда маанилүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча жетишилген бекем макулдашууларды кубатташты. Ошондой эле сууну пайдалануу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда тыгыз байланыштын маанилүүлүгү жана Ооганстандагы социалдык-экономикалык долбоорлорду илгерилетүү зарылчылыгы оң бааланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекет башчылары биргелешкен «жол картасын» даярдоону жана жетишилген макулдашууларды натыйжалуу ишке ашыруу механизмдерин түзүүнү тапшырышты.



















