YouGov эл аралык сурамжылоо институту тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы британиялыктардын көбү Израилге курал экспортунун токтотулушун каалашарын көрсөттү.
Al Jazeera маалымдагандай, сурамжылоого катышкан британиялыктардын көбү сионисттик режим армиясынын Газа тилкесиндеги карапайым палестин элине кол салуулары учурунда адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу өз өлкөсүнөн Израилге курал экспорту токтотулушу керек экенин билдиришкен.
Израилге курал-жарак экспорттоого тыюу салууну сурамжылоого катышкан британиялыктардын 56%ы колдогон. Ошондой эле британ жарандарынын 59%ы сионисттик режим Газа калкына каршы согушта адам укуктарын бузган деп эсептей турганы белгилүү болду.
2023-жылдын декабрында Улуу Британиянын Коргоо министри Грант Шэппс Израилге курал экспортунун көлөмүн “салыштырмалуу аз” деп атаган: 2022-жылдын аягында курал экспортунун көлөмү 42 миллион фунт стерлингди (53 миллион долларды) түзгөн. Ошол эле учурда Campaign Against Arms Trade уюму Израилдин Газаны бомбалоодо колдонгон F-35 тетиктеринин 15%га жакынын падышалыктын коргонуу өнөр жайы өндүргөнүн белгилеген.
2-апрелде израилдик авиация Газа секторундагы World Central Kitchen (WCK) уюмунун гуманитардык кербенине сокку уруп, 7 киши каза тапкан, алардын арасында британиялык жарандар да бар.
Бул окуядан кийин Британияда Израилге курал экспортун токтотуу талабы күчөшү мүмкүн.
Гуманитардык кербенге кол салуудан кийин World Central Kitchen (WCK) билдирүү жасап, Израилдин Газадагы кол салуусунда уюмдун жети кызматкери каза болгонунг тастыктады. Кол салуу бул бейөкмөт топтун мүчөлөрү азык-түлүк жардамын камтыган кеме менен Газа тилкесине келип, анын түндүк аймактарына баргандан бир нече сааттан кийин болгон.

Газанын борборундагы «Дейр-эль-Балах» шаарындагы “Аль-Акса” ооруканасында каза болгон беш кишинин сөөгүнүн сүрөттөрү жарыяланган, анда алардын айрымдары гуманитардык уюмдун логотиби түшүрүлгөн кийимдерди кийип жүрүшкөн. Мындан тышкары, чабуул жасалган унааларда дагы гуманитардык уюмдун логотиби болгон.
Уюмдун билдирүүсүнө караганда, өлгөндөрдүн арасында палестиналыктан тышкары Британия, АКШ/Канада, Польша жана Австралиянын жарандары бар.

Британиянын тышкы иштер министри Тель-Авивден бул жаатта толук жана ачык түшүндүрмө берүүнү талап кылды.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Газа тилкесиндеги World Central Kitchen гуманитардык кербенине жасалган аба соккусу үчүн жоопкерчиликти мойнуна алып, Израилдин Коргоо күчтөрү кол салууну атайылап жасабаганын билдирди.
World Central Kitchen (WCK) бул окуядан кийин аймактагы ишмердүүлүгүн токтотконун жарыялады.
Британиянын үч жараны Газа тилкесинде Израилдин соккусунан каза тапкандан кийин Улуу Британия өкмөтү Израилге куралдарды берүүнү токтотуу керек деген пикирин Британиянын Ливиядагы мурдагы элчиси (2006-2010) Винсент Фин LBC радиосуна берген маегинде билдирди.
“Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги укутук кеңеш сурап, Газадагы тандалбаган киши өлтүрүүлөргө аралашпоо үчүн Израилге курал сатууну токтотушу керек. Бул жасалышы керек болгон биринчи кадам”, – деди дипломат.
Анын айтымында, Израилдин F-35 согуштук учактары үчүн тетиктерди андан ары жеткирүү Лондондун Газадагы эл аралык гуманитардык мыйзамдарды бузууга аралашуусуна алып келиши мүмкүн.

Бул Израилдин Газа тилкесинде гуманитардык кызматкерлерге кол салуусу биринчи учур эмес. БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо бюросу 29-марттагы акыркы баяндамасында, Газадагы согуштук аракеттер башталгандан бери эл аралык уюмдарын 174 кызматкери, негизинен БУУнун Батыш Азиядагы палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү жана алардын иши боюнча агенттигинин кызматкерлери болгону белгиленген.
Бул баяндамада Газа тилкесинде иштеген башка гуманитардык уюмдардын кызматкерлерин камтылган эмес. Март айынын башында “Чек арасыз дарыгерлер” уюму дагы кызматкери каза болгонун кабарлаганы белгилүү.


















