Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

“Мен коркуткан жокмун”. Президент даават, митинг тууралуу айткан сөздөрүн түшүндүрдү

  • Интервью
  • 19.03.2024 11:35

Loading

Президент Садыр Жапаров 13-мартта жаңы шайланган муфтий Абдулазиз Закировду кабыл алып, динди жайылтууда Исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирүү менен салттуу ханафий мазхабын кармануу зарылчылыгына басым жасоого чакырган. Эртеси мамлекет башчы Бекназаров, Матраимов, Атазов тууралуу маек берип, анда өлкөдө митинг кылууга аракет кылгандарга карата мамлекет тарабынан катуу жооп болорун билдирген.

Салтка айланып калгандай бүгүн “Кабар” агенттигинин суроолоруна өлкө президенти Садыр Жапаров жооп берип, анда соцтармакта көп талкууланган даават жана митинг темаларына кеңири түшүндүрмө берди.

— Саламатсызбы!

Тема боюнча

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026

— Саламатчылык!

— Садыр Нургожоевич, социалдык тармакта президент аалымдарды сабатсыз деди, дааватка каршы экен деп таарынгандар да болууда. Сиз кайсыл маселелер тууралуу айттыңыз эле?

— Эптеп эле менин сөзүмдү бурмалап, элге мени жаман көрсөткүсү келген жарандарыбыз бар. Башка иштеримден эч бир кыйкым таба албай, анан ушул дааватчылар жөнүндө айткан сөзүмдү бурмалап жатышса керек.

Муфтийди кабыл алганда дааватчылардын кийинген кийимдерин оңдойлу, башка өлкөлөрдүн салттарын сиңирбей, өзүбүздүн эле улуттук салттарды жайылталы, эң жок дегенде медресени бүткөн же ислам университетин аяктаган билимдүү балдарды дааватка чыгаралы деген сунушумду айттым. Эмне үчүн?

Мен республикабыздын ар булуң-бурчунан келген кишилерди көп кабыл алам. Өткөндө бир агайды кабыл алдым. Ал киши ушул дааватчылар жөнүндө кеп кылды. “Биздин айылга төрт-беш бала келип даават айтып жүрүшүптүр, албаа-далбаа болуп кийинип алышкан, анысы аз келгенсип кйимдери кир, жогорку билимдери жок, болгону 11-класс билимдери гана бар экен. Сакалдары курсагына жеткен. Мен өзүм мугалиммин. Көп жыл мектеп директору болдум, менин дин боюнча билимим алардыкынан жогору болуп чыкты. Анан ошолор мага акыл үйрөтөбү” дейт. “Аларды уят кылып кетирдим. Ошондой көрүнүштөрдү бир жолго салсаңыздар жакшы болот эле. Ошондойлорду көрүп кээ бир башка диндеги жарандарыбыз биздин динибизди жек көрүп атышат” деп, өзүнүн жакшы эле оюн айтты. Мен деле туура көрдүм. Ошол үчүн муфтийди кабыл алып, ушул темада баарлаштык. Мен дааватты колдойм.

Молдонун, ажынын баласымын. Дааваттын зыяны жок. Дааваттан 90-жылдардан бери канча деген жарандарыбыз оң жолго түшкөнүн өз көзүм менен көргөм. Болгону дааватка чыккандарды зыңкыйтып кийинтип, сакал муруттарын тегиздеп, билими толук, кандай гана суроолор болсо жооп бере алгандарды жиберсек жакшы болот эле.

Ошондо элибиз да дааватчыларга ишенип, аларды кунт коюп угуп, ээрчийт эле. Бул пикиримди муфтий да туура көрдү. Илгери аалымдар (дааватчылар) динге эле эмес, илимге дагы үйрөтүшкөн. Ар кайсы тилдерди окуткан.

Мына ушул маселелер боюнча сөз болду. Келгиле азыр деле илгерки аалымдардын жолун жолдоп, дин менен бирге билимге чакыралы, илимге үйрөтөлү.

— Буга чейинки маегиңизде “Митингдерден коркпойбуз. Митингге чыккандардын башынан сылап отурбайбыз, жооп катуу болот” дегениңизди айрымдар коркутуу, кээ бирлери укуктарын чектөө катары карап атышат. Убагында сиз деле “Кумтөр” деп митингдерди уюштуруп жүргөнүңүздү эске салгандар болууда. Ушуга комментарий берсеңиз? Чын эле убагында митингдерге чыгып, ал үчүн Камчыбек Ташиев экөөңүздөр камалып да кеткенсиздер да?

— Ооба. Убагында биз да митингдерди уюштурганбыз. Бирок биз, биздин пайдабызга чечилип жаткан жакшы иштерди бурмалап, жеке кызыкчылыгыбыз үчүн митинг уюштурган эмеспиз да.

“Кумтөр” өз элибиздин кызыкчылыгына иштесин, казынадан суук колуңарды тарткыла, элибиздин жашоосун оңдогула” деп митинг уюштурчубуз.

“Кумтөрдү” алдык. 30 миллиард сомго жакын салык төгүп жатат. Андан сырткары, 30 миллиард сомго жакын таза киреше берип жатат. Мурда биздин пайдабызга 5 миллиард сом салыктан башка “койдун корголу” жок болчу. Бюджет дээрлик үч эсеге көтөрүлдү.

Салык, бажы системасындагы уурулукту дээрлик 90 пайызга жок кылдык. Армиябызды, күч түзүмдөрүн болуп көрбөгөндөй күчтөдүк. Мектеп, жол, бала-бакчалар салынып жатат. Түшкө кирбеген мега долбоорлор башталды. ГЭСтер, ишканалар, маданий жана социалдык объектилер курулууда. Ортолоп калган долбоорлор, башталып жаткандары бар. Алар жылдан жылга ишке бериле баштайт. Жылдан жылга алар жемишин берип, экономикабыз мындан дагы күчтөнөт. Эмгек маяналар, пенсия, жөлөк пулдар дагы жогорулайт. Калкыбыздын жашоо турмушу дагы жакшырат. Кара жаныбызды карч уруп, эл үчүн иштеп жатабыз.

Анан эмнеге митингке чыгышыңар керек? Мурдагыдай 200 эле киши жалпы элдин ырыскысын уурдап жашаган жашообуз жакшы экен деппи? Биз андайларга жол бербейбиз. Мен бул сөзүм менен коркуткан жокмун. Укуктарын да чектебейм. Жөн гана 200 коррупционер менен бийликке таарынган уурулардын, кызматынан ажырагандардын кызыкчылыгын эмес, 7,5 миллион элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коём. Коргойм. Бул менин эл ишенип добуш берген түздөн-түз милдетим.

— Камактагы жаран Мелис Аспековдун каты боюнча комментарий бересизби?

— Андай шылуундарга жооп беришти ашыкча деп ойлойм. Былжырак жалганчылар үчүн жооп бергенге убактым да жок.

— Суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем.

— Рахмат, ишиңерге ийгилик каалайм!

Маектешкен “Кабар” КУМАнын директору
Медербек Шерметалиев

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: дааватинервьюКумтөрСадыр Жапаров
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026
Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

07.10.2026
Садыр Жапаров БУУнун трибунасында: Санкциялар эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатат

Садыр Жапаров БУУнун трибунасында: Санкциялар эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатат

23.09.2026
Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен келди

Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен келди

19.09.2026
Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

17.09.2026
Президент С. Жапаров Талас шаарына 30 электробус тапшырды

Президент С. Жапаров Талас шаарына 30 электробус тапшырды

11.09.2026
Садыр Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

Садыр Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

31.08.2026
Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

31.08.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.