Сулайман-Тоодогу бадам гүл ачканда жаз келгени кадимкидей билинет. Учурда тоодогу кооздук, бадамдын ак гүлдөрү жаратылышка болгон суктанууну арттырып турган чагы. Ал башка өсүмдүктөргө караганда эң биринчилерден болуп гүлдөйт.
Ошондуктан да, Оштун тургундарын жаз менен алгачкылардан болуп бадам гүлү куттуктайт.
Ал эми алма, өрүк, алча сыяктуу башка өсүмдүктөр бир аз эле кийинирээк гүлдөгөндүктөн, Сулайман-Тоонун көркү эми ачылат. Бирок быйылкы кыш жылуу болгону менен өсүмдүктөрдүн гүл ачышы жылдагыга караганда кечикти.































Discussion about this post