Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 8-мартта Флоридада АКШнын экс-президенти Дональд Трамп менен Украинада тынчтык орнотуу маселесин талкуулайт. Бул тууралуу венгер ТИМнин башчысы Петер Сийярто билдирди.
“Биз аны менен эмнени талкуулагыбыз келет, бул Украинада жана Европанын чыгыш бөлүгүндө кантип тынчтык орнотууга жетишүү”, — деди Сийярто.
“Ал президент болуп шайланбай калса, биз жакынкы келечекте Украинада тынчтык орношуна үмүт артпайбыз. Биз мындай позиция менен Европада көпчүлүктү түзө албашыбызды түшүнүп турабыз. Анткен менен өз максатыбыз орундаларына ишенебиз”, — деп белгиледи ТИМ башчысы.
Сийярто ошол эле учурда Венгрияда “америкалыктарга кимди шайлаш тууралуу көрсөтмө берүүнү каалашпай тургандыгын” белгиледи.
“Биз америкалыктардын укугун толугу менен сыйлайбыз жана дайыма шайланган америкалык президенттер жана администрация менен иштешебиз”,, — деди министр.
Бирок Сийяртонун сөзү боюнча, “тажрыйба көрсөткөндөй, президент Трамп башкарган учурда америка-венгер мамилелери өтө жогорку деңгээлде болуп, ошол эле учурда Трамптын учурунда ири глобалдык согуштар болгон эмес”.
“Андыктан эгер сиз кимдин учурунда тынчтыкты орнотууга жана америка-венгер мамилелерин жакшыртууга болот деп сурасаңыз, анда сөзсүз бул Трамп. Тажрыйбага таянуу менен айтып жатабыз”, — деди Сийярто.
Анын пикири боюнча, эгер 2020-жылкы президенттик шайлоодо Трамп жеңип калганда “Украинада чыр-чатак болмок эмес жана Батыш Азиядагы кырдаал тезирээк чечилмек”.
Сийяртонун пикири боюнча, эгер АКШнын башында күчтүү жетекчилик болсо, анда бул глобалдуу масштабда турукташтырууга кызмат кылат.
“Согуш талаасында окуялардын өнүгүшү аскердик кырдаалды Украинанын пайдасына жакшыртат деп айткандар жеңилди. Ал эми Украинага курал бергендер согуштун узарышына шарт түзүштү”, — деп белгиледи венгер ТИМнин башчысы.
Будапешттин пикири боюнча, Украинадагы чыр-чатак сөзсүз сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет, анткени Сийяртонун баамында, “Киев Россияны жеңе албайт”, ал эми “Россия бүтүндөй Батышты жеңе албайт”.
“Ошондо бир гана суроо калат: “Качан? Эртеби же кечпи? — деп жыйынтыктады министр.
Анын сөзүнө караганда, бул сүйлөшүүлөр канчалык эрте башталса, ошончолук адамдар аз өлүп, ошончолук кыйроолор аз болот.
Президент Владимир Путин белгилегендей, Москва укриналык чатак менен көп алагды болгусу келбейт, Тилекке каршы батыш өлкөлөрү дайыма согуштук аракеттерди улантуу зарыл, курал берүү керек дешип, Украина куралдуу күчтөрүнүн жоокерлерин өз аймагында машыктырып келет. Россиялык лидер эгер Украина диалог баштоону кааласа, сүйлөшүүлөргө тыюу салган декретти жокко чыгарышы керек экендигин белгилеген.
















