Союз тарагандан кийин деле Кыргызстанда 23-февраль – мырзалардын майрамы катары эсептелип келет. Айрыкча жаш муундун өкүлдөрү бул күндүн маанисин элес деле албай майрамдашат. Алар бул эмне болгон майрам экенин жакшы биле беришпейт. Айрыкча аскер катарында кызмат өтөбөгөн жаштар бул күндү жөн гана мырзалардын майрамы катары билишет.
23-февралдын таржымалы…
Тарыхчылардын айрымдары – 23-февраль кокусунан белгиленип калган дата дешет. Айрым булактарда ушул күнү Троцкий биринчи жолу фронтко келген деген версия айтылып жүргөн. Бирок бул чындыкка жатпайт дегендер да бар.
А чынында 1919-жылы 10-январда Жогорку аскердик инспекциянын жетекчиси Николай Подвойский 28-январда Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясын түзүү боюнча жарыяланган декреттин бир жылдыгын белгилөө сунушун жолдойт. Бул тууралуу анын Борбордук Аткаруу комитетине жолдогон каты бюрократиялык мамиледен улам өз учурунда каралбай калат.
Бирок кийин аны аскер бөлүктөрү үчүн азык-түлүк жана керектүү буюм-тайымдарды жыйнаган датага – “Кызыл белектер күнүн” белгилөөнү чечишет. Бул 1918-жылдын 17-февралда өткөн деген маалыматтар бар. Ал эми 1919-жылы бул күн жумушчу күнгө туура келип калып, иш-чараны жакынкы дем алышка жылдырышат. Алдыдагы жекшемби ушул – 23-февраль болгон.
Андан кийин үч жыл катары менен бул датаны эч ким эстеген эмес. 1922-жылы январда Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын түзүлгөн күнүн майрамдоону чечип, 23-февраль деген датаны тандап алышкан.
1933-жылы Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын 15 жылдыгын белгилеп жаткан салтанатта нарком Климент Ворошилов: “Кызыл Армиянын түзүлгөн күнү 23-февралда белгиленип калганын кокустук болгонун, тарыхый дата менен дал келбесин” моюнуна алган дешет. Бирок андан кийинки ондогон жылдарда муну эч ким тактап, баш оорутуп олтурган эмес.
Ошентип Совет мезгилинде 1922-1946-жылдары бул майрам – Кызыл Армиянын жана флоттун күнү деп аталган. Ал эми 1946-жылдан 1993-жылга чейин Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз флотунун майрамы катары белгиленип келди. СССР ыдырагандан кийин эгемендик алган мурдагы советтик өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан да бул майрамдан баш тартышкан. Бирок азыр бул дата Кыргызстан, Орусия, Беларус жана Тажикстанда гана майрам катары белгиленет.
Анткен менен эл совет доорунан калган салттан кол үзүп кеткен эмес. Союзга кирген мурдагы мамлекеттердин эли 23-февралды Советтик Армиянын түзүлгөн күнү деп кабылдап, аны майрам катары белгилеп келе берди. Мындан улам Кыргызстан 2003-жылы бул датаны “Мекен коргоочулар күнү” катары белгилөө үчүн атайын токтом менен кайрадан бекитип, майрам катары белгилей баштады.
Эгемен Кыргызстандагы 23-февраль…
Кыргызстанда 23-февраль – “Мекен коргоочулар күнү” катары белгиленгени менен өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн күнү 29-май. Тактап койчу жагдай: КР Куралдуу Күчтөрү 1992-жылдын 29-майда, ошондогу Президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен бекиген.
Ошентип өлкөдө 23-февраль – “Мекен коргоочулар күнү” катары белгиленип, ал күн иш эмес, дем алыш боюнча келатат. Буга чейин кыргыз өкмөтү бул күндү жумушчу күн кылуу маселесин көтөрүп келген. Тактап айтканда, 2014-жылы Кыргызстанда Эмгек кодексине толуктоолорду киргизип, ага ылайык 23-февраль, 5-май (Конституциянын кабыл алынган күнү) жана 7-ноябрь (Улуу Октябрь революциясын эскерүү күнү) майрамдарын жумушчу күнгө теңөө сунушталган.
Бирок бул демилге атайын документ менен бекитилбегендиктен, Кыргызстанда майрам боюнча дем алыш күндөрдүн катарын толуктап келет. 2021-жылы Акылбек Жапаровдун өкмөтү да 23-февралды дем алыш күндөрдүн тизмесинен алууну демилгелеп, бирок маселе бир жаңсыл чечилбей калган.
Ошентип 23-февралды майрам катары калтыруунун кажети барбы же жокпу деген талаш-талкуулар уланып келет.
Белеков А.












