17-февралда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Ички иштер министрлиги менен биргеликте жана Башкы прокуратуранын координациясында өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон топторду зыянсыздандыруу боюнча масштабдуу операци жүргүзүштү.
Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматынан билдиришкендей, операция Актөбө, Атырау, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Батыш Казакстан, Түркстан облустары, Жетисуу облусу жана Шымкент шаарында жүргүзүлүп, 8 топ зыянсыздандырылды.
Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында 23 адам кармалды, анын ичинде деструктивдүү диний агымдардын жактоочулары бар. 17 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 6 адам келүүгө милдеттендирилди.
Алар оор жана өзгөчө оор кылмыштарды (анын ичинде терроризмди үгүттөө, адам уурдоо, опузалап акча талап кылуу, ошондой эле баңги заттарды жана ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүү) жасаган деп шектелүүдө.
Тинтүү учурунда ок атуучу куралдар, ок-дарылар, диний адабияттар, накталай акчалар жана баңгизаттар алынган. Республиканын сегиз аймагындагы операцияга бир эле убакта 250дөй коопсуздук кызматкери тартылган.
Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.




















