Ош Улуттук драм театрында Доктор Рекха Мехра жетектеген индиялык “Урваши” маданият жана искусство, бий жана музыка коому тарабынан уюштурулган “Заманбап индия бийинин кечеси” өттү.
Бул маданий саамалык Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Индиянын Маданият министрлигинин ортосундагы 2022-2026-жылдарга карата Маданий алмашуу программасын алкагында ишке ашырылды.
Буга чейин ушул эле маданий иш-чара Бишкек шаарында да сунушталган.
Кечеде шакирттери менен бирге өнөрүн тартуулаган доктор Рекха Мехри айым 30 жылдан ашуун убакыттан бери Индиянын классикалык жана заманбап бийин ошондой эле музыкасын дүйнө жүзү боюнча жайылтып келет.
























Discussion about this post