Мамлекеттик салык кызматы тарабынан өткөрүлгөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтында маалымат берилди.
Мурда маалымдалгандай, 2023-жылдын 25-30-декабрында өткөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча 1244 баалуу байгенин жеңүүчүлөрү аныкталган.
Лотереянын шарттарына ылайык, утуш аяктагандан кийин ведомстволор аралык байкоочу комиссия жеңүүчүлөрдүн лотереяга катышуу эрежелерин сактагандыгын текшерет. Эгерде, жеңүүчү тарабынан мыйзам бузуу фактысы аныкталса, утушу жокко чыгарылат.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 21 катышуучу лотереянын талаптарын бузгандыгы аныкталган. Катышуучулар кызматкер катары катталган уюмдун контролдук-кассалык чектерин сканерден өткөргөндүгүнө байланыштуу, утуштары жокко чыгарылды.
Эскерте кетсек, “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабы 2023-жылдын 25-30-декабрында өткөрүлүп, жыйынтыгында 1244 баалуу байгенин, анын ичинде 10 батирдин, 11 электромобилдин жана Дубайга эки кишилик 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталган.
Салык кызматы жакында байгелерди тапшырууну баштайт. Белгилей кетсек, байгелерди алуу акысыз, шылуундарга алданбаңыз!
“Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын 2-этабынын жокко чыгарылган утуштардын тизмеси:
- Садырбаева Назгуль Касымкуловна – Смартфон; 2. Эльмуратова Гулмира Джамалетдиновна – Смартфон; 3. Улукбеков Сыймык Канатбекович – Смартфон; 4. Асилбек уулу Самат – Айфон; 5. Каныбек кызы Жаңыл – Смартфон; 6. Абдиева Нургүл Төлөбековна – Ноутбук; 7. Поповичев Александр Иванович – Айфон; 8. Баитов Арзымат Кыдырович – Смартфон; 9. Калмуратов Авазбек Маматович – Смартфон; 10. Асылбекова Арсар Асылбековна – Смартфон; 11. Бекназар кызы Бегимай – Смартфон; 12. Джумалиев Руслан Джайлообекович – Смартфон; 13. Болотова Алтынай Эриковна – Смартфон; 14. Абдираимова Токтобүбү – Смартфон; 15. Тениева Назиза Камаловна – Айфон; 16. Шайдылдаев Бекболот – Айфон; 17. Жамалдинов Иманберди Нурзатбекович – Айфон; 18. Садырбаева Бүбүайша Зарылыковна – Смартфон; 19. Насиров Мунарбек Алидинович – Смартфон – 20; Абдимомунжон уулу Собиржон – Айфон; 21. Мураткулов Мыктыбек Бактыярович – Айфон.















