Кыргызстанда алгачкы ирет бөйрөккө операция жасоо колго алынып, февралдын башында 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Учурда 2,5 миңден ашуун кыргызстандык гемодиализ алат. Гемодиализдеги жарандардын бардыгынын бөйрөгүн бекер алмаштыруу пландалууда. Анын шарттары, каражат маселеси кандай чечилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде айтып берди.
Мамлекет башчысынын айтымында, азыркы учурда жалпысынан 2500дөн ашуун гемодиализ алып жаткан жарандарыбыз бар. Учурда алардын арасынан 50 бейтап донор таап, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярдык иштери башталды.
“Бардык гемодиализде жаткан жарандарыбыздын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды (7-8 миң доллар) өкмөт төлөп берет. Бүгүнкү күндө гемодиализ алып жаткан жарандарыбыздын ар бирине мамлекет бир жылда 14-15 миң доллар сарптоодо. Ошондо жалпы суммасын эсептесек, 2500 кишиге 3 миллиард сомго жакын каражат кетип жатат. Ошондуктан донор тапкан бейтаптарга 7-8 миң долларды мамлекет берип, четинен бөйрөгүн алмаштырып, сакайтып чыгара берсек, аларга кеткен чыгымдар дароо токтойт. Бир жылда гемодиализде жаткан бир бейтапка кеткен чыгымдын жарымын жумшап, бир бейтаптын бөйрөгүн алмаштырып берсек, бир жылда жумшалчу чыгымдын жарымын жана келерки жылдардын чыгымдарын толук сактап калабыз. Гемодиализден чыкса өкмөттөн кетип жаткан чыгым дароо токтойт да. Ошондо биринчи пайдабыз — жарандарыбызга жардам берип, бөйрөктөрүн алмаштырып берип жатабыз. Экинчи пайдасы мамлекеттин акчасын үнөмдөп калабыз. 10-15 жылдап гемодиализде жаткандар бар. Элестетиңиздер, канча каражат үнөмдөлүп калат. Гемодиализде жаткандар азаят”, – деди Садыр Жапаров.
Ал ушул сыяктуу эле операция акысы башка чет мамлекеттерде 25 миң доллардан 50 миң долларга чейин турарын кошумчалады.
“Муну мен өзүмдүн башымдан өткөргөн үчүн жакшы билем. Эсиңиздерде болсо, 2014-2015-жылдары иним Дөөлөттү чет мамлекеттердин бирине алып барып, бөйрөгүнө операция жасатып келгенимди айттым эле. Ошол кезде эле операцияга 45 миң доллар бергенбиз. Жол кире, операциядан кийинки реабилитациялоо процедуралары болуп, баш-аягы 70 миң доллар кеткен”, – деди президент.
Садыр Жапаров бейтап донорду өзү табарын, ал – иниси, байкеси, эжеси, сиңдиси деген сыяктуу жакын туугандары жана эң башкысы, генетикалык жактан дал келүүсү керектигин белгилп, жакында донор боло алчулардын тизмесин кеңейткенге жол берген мыйзамга кол койгонун айтты.
Донор табылган соң бейтап дагы, донор дагы кадимкидей эле тийиштүү анализдерди тапшырып, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, операцияга даярданышат.
Эске салсак, 1-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жергиликтүү дарыгерлер 22 жаштагы бейтаптын бөйрөгүн алмаштыруу операциясын жасашкан.



















