Кыргыз футбол союзунун жетекчилери кызматтан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, союздун президенти Медербек Сыдыков улуттук команданын көрсөткөн жыйынтыгына байланыштуу жумушун тапшырууну чечкенин билдирди. Анын артынан аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү “өз жоопкерчилигин сезип” мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотушту.
КФСнын жетекчилигин шайлоо 19-февралда өтөт.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курамасы учурда Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунда өз тайпасында үч оюнга чыгып, бир гана упайга ээ болуп, акыркы орунду алган. Кыргыз күйөрмандары улуттук курама командабыздын өтө начар оюн көрсөткөндүгү үчүн нааразы болушуп, социалдык тармактарда ар кандай сын пикирлерди жазышууда.

















