Бул «Сомони» деп аталган лыжа трассасынын узундугу – 7,2 км.
Эмомали Рахмон жана Рустами Эмомали 29-декабрда «Сафеддар» туристтик лыжа комплексинин иштөө шарты жана тейлөөнүн деңгээли менен таанышып, асма жолдун экинчи линиясын пайдаланууга тапшырышкандыгын Тажикстан президентинин басма сөз кызматына таянып, ASIA-PLus сайты билдирди.
Бул асма жолдун төмөнкү станциясы деңиз деңгээлинен 2590 метр бийиктикте, ал эми жогорку станциясы 3020 метр деңиз деңгээлинен бийик жайгашкан. Экинчи асма жолдун узундугу 1600 метрди түзөт жана 21 кабинасы бар. Жалпысынан эки асма жолдун узундугу 3600 метр жана 42 кабинасы бар.
«Сафеддар» деп аталган жогорку туристтик лыжа комплексинин станциясында Эмомали Рахмон символикалык лентаны кесип, жаңы «Сомони» лыжа трассасын ачты. Жаңы лыжа трассасынын узундугу 7,2 км.
Эми жаңы лыжа трассасынын ачылышы менен аны жаңыдан машыга баштаган спортчулар гана колдонбостон, эл аралык жана аймактык деңгээлдеги кесипкөй спортчулар да машыга алышат. Жалпысынан лыжа комплекси төмөнкү бөлүгүнөн жогорку бөлүгүнө чейин 30 км. аралыкты түзөт.



















