Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пиротехникалык каражаттарды колдонуудагы коопсуздук чараларды эскертти.
Пиротехникалык каражаттарды кантип тандоо керек?
- Колдо жасалган пиротехникалык буюмдарды пайдаланбаш керек;
- Анын жарактуу мөөнөтүн текшерүү керек;
- Кургак кутунун ичинде болушу шарт. Нымдалышып калса, эч качан албаш керек. Нымдалышкан каражат жарылуу учурунда багытталган тарапка түз кетпей, тетири тарапты көздөй учуп, адамдарга же айланадагы буюмдарга зыянын тийгизет. Айыл жерлеринде короого жыйылган чөптөрдү өрттөп жиберүү коркунунчу бар;
- Сатуучудан пиротехникалык каражаттын текшерүүдөн өткөндүгү жана сатууга уруксат кагазы бар экендигин сураш керек. Себеби текшерүүдөн өтпөгөн каражаттар коопсуздук талаптарына жооп бербей, кырсыктарга себепкер болуп калышы толук ыктымал.
Пиротехника менен иштөө эрежелери
- Сатып алган соң суу кылып алуудан сактоо керек. Эгер ным болуп калган болсо, колдонбостон балдар жетпеген жайга ыргытып же көмүп жок кылуу керек. Кургатуу үчүн мешке же жылуулук берүүчү буюмдардын жанына коюу кырсыкка жол ачат;
- Үйгө алып келгенден кийин +30 градуска чейин ысык, кургак жана балдар жетпеген жайда сактоо керек;
- Пиротехникалык каражатты колдонуу алдында кунт коюп, нускама менен таанышып, коопсуз аймактарда гана колдонуу керек;
- Эң коопсуз жер бул — короо жана бак дарак өспөгөн ачык аянтчалар эсептелинет;
- Тандалган жердин айланасын дыкаттык менен кароо керек. Жакын жерде (100 метр аралыкта ) өрт коркунучу бар объектилер: автоунаа токтоочу жай, жыгач сарайлар, гараждар, электр өткөрүүчү зымдар ж.б.у.с. болбошу керек;
- Пилигин (фитиль) күйгүзүүдө колду созуп от жандырып, алысыраак жака качуу керек;
- Көрүүчүлөр менен пиротехникалык каражаттын аралыгы көрсөтмөсүнө жараша сакталуу зарыл;
- Жогорудагы жардыруучу заттарды турак үйлөрдүн жана башка курулуштардын жанында пайдаланууга тыюу салынат;
- Мас абада колдонуудан алыс болуу керек;
- Атылып бүткөн же атылбай калган учурда салюттун жанына дароо келгенден алыс болуу керек. Кеминде 10-15 мүнөттөн соң ордунан алып, сууга чылап, киши баспаган жерге ташташ керек. Айрыкча колдонуу учурунда эңкейип, үңүлүп карабаш керек. Бир аздан кийин тутанып кетип, көзгө атылып кетиши мүмкүн;
- Нускамада жана ушул коопсуздук чараларында каралбаган башка аракеттерди жасоого, ошондой эле пиротехникалык каражаттын курамын өзгөртүүгө болбойт;
- Пиротехниканы жабык жайларда бөлмөдө, кеңседе колдонууга уруксат берилген жана колдонууга тыюу салынганын айырмалай билүү керек. Бул нускамасында жазылуу болот;
- Балдардын өз алдынча пиротехникалык буюмдарды аракетке келтирүүдө тыкыр көзөмөлгө алуу керек.
ӨКМ колдон келсе пиротехникалык каражаттарды колдонбой койгон дурус экенин белгиледи.



















