Украинанын коргоо министри Рустем Умеров өлкөдөн чыгып кеткен жарандарды мобилизациялоону пландап жатканын Bild басылмасына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
“Биз адилеттүүлүктү бардыгына каалайбыз, анткени кеп өзүбүздүн өлкөбүз жөнүндө болуп жатат. Биз аларга чакыруу жөнөтөбүз”, – деди Умеров.
Анын айтымында, чакыруу участогуна чакыруу кагазын чет өлкөдө жашаган 25 жаштан 60 жашка чейинки бардык эркектер алышы керек.
Коргоо министри чакыруу жөнүндө гана айтты. Бирок, немис басылмасы белгилегендей, Умеров эгер украиналыктар чакырууга ыктыярдуу келбесе, санкциялар болушу мүмкүн экенин айтты.
«Эгер алар өз ыктыяры менен келбесе, эмне болорун дагы деле талкуулап жатабыз», – деди министр.
Буга чейин декабрдын башында Германия парламентинин оппозициялык Христиан-Демократиялык Биримдигинен (ХДС) мүчөсү, Эл аралык иштер боюнча комитеттин мүчөсү Родерих Кизеветтер Германиядагы мобилизациядан качкан украиналыктардан 10 дивизия түзүүгө болорун айткан.
Bild басылмасы белгилегендей, 2022-жылдын 24-февралынан бери Германияга 18 жаштан 60 жашка чейинки, башкача айтканда, аскер курагындагы 221 571 украиналык эркек келсе, учурда өлкөдө 189 миң 484 украиналык бар.
Былтыр февраль айында атайын операция башталгандан кийин Украинада жалпы мобилизация жарыяланып, 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.
2022-жылдын февраль айынан бери аскердик курактагы 20 миңдей адам мобилизациядан качуу үчүн Украинадан мыйзамсыз чыгып кетишкенин ноябрдын орто ченинде ВВС агенттиги билдирген. Дагы 14 миң адам чек арадан жөө же суу аркылуу өтүүгө аракет кылган, бирок алар коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалган. Дагы 7 миң украиналык оорусу бар экендиги тууралуу жасалма документтерди көрсөтүүгө аракет кылышкан, бирок алар өлкөдөн чыга алышкан эмес.




















