Eurasiatoday
Ишемби, 28-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Президент С. Жапаровдун Японияга болгон расмий сапары аяктады

  • Башкы жаңылыктар
  • 21.11.2023 09:36

Loading

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 17-20-ноябрда Японияга болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын биринчи күнүндө Император сарайында Мамлекет башчысы жана анын жубайы Айгүл Жапарованын Император Нарухито жана Императрица Масако менен жолугушуусу, ошондой эле Императордук үй-бүлө мүчөлөрү жана Кыргыз Республикасынын расмий делегация мүчөлөрү менен таанышуусу болду.

Андан соң Япония парламентинин спикери Фукусиро Нукага жана Япониянын Эл аралык кызматташтык банкынын (JBIC) башкаруучусу Нобумицу Хаяси менен жолугушуулары болду.

Тема боюнча

 С. Жапаров Япониянын Императору Нарухито менен жолугушту

 С. Жапаров Япониянын Императору Нарухито менен жолугушту

19.12.2025

Жолугушуулардын жүрүшүндө парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле Япония менен өнөктөштүктү бекемдөө, анын ичинде кадыр-барктуу финансылык институттарды тартуу маселелери талкууланды.

Сапардын экинчи күнү, 18-ноябрда, Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Шинкансен ылдам жүрүүчү поезди менен Киото шаарына барышты.

Бул жерде Мамлекет башчысы Киото префектурасынын губернатору Такатоши Нишиваки менен жолугуп, Садыр Жапаровдун Японияга сапары мамлекеттердин эки тараптуу мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарарына ишенимин билдирди.

Япониянын байыркы борборунда Президент жана Биринчи айым чай аземине катышып, салттуу даамдуу суусундуктан ооз тийишти.

1 of 10
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

Ушул эле жерде 19-ноябрда, көлмөнүн айланасындагы “Сенто” императордук бакчасында сейилдөөгө чыгып, ал аяктагандан кийин Садыр Жапаров ардактуу коноктордун китебине жазуу калтырды.

Садыр Жапаров Токио шаарына кайтып келгенинде, 20-ноябрда, бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрдү, алардын арасында: Япониянын “РОТОБО” бизнес-ассоциациясынын, JETRO – Япониянын тышкы соода уюмунун жетекчилиги, “Metarise Japan” компаниясынын өкүлдөрү, JICAнын жетекчилиги, ошондой эле JATA – Япониянын туристтик операторлор ассоциациясынын башчысы менен жолугушуулары болду.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Япониянын жалпы улуттук NHK каналына интервью берип, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшү тууралуу кеңири айтып берди.

Күндүн экинчи жарымында Премьер-министрдин резиденциясында Кыргызстандын Президенти өлкөнүн Өкмөт Башчысы Фумио Кисида менен расмий жолугушуу аземи болду. Андан соң лидерлер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкө ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Ошол эле учурда Премьер-министрдин резиденциясында Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапарова Япониянын Премьер-министринин жубайы Юко Кисида менен жолугушту.

Андан кийин эки тараптуу документтерге кол коюу жана алмашуу аземи, ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКлар үчүн лидерлердин биргелешкен билдирүүсү болуп өттү.

Андан соң Мамлекет башчысы жубайы менен Япониянын Премьер-министри Фумио Кисиданын атынан расмий кабыл алууга катышты.

21-ноябрда эртең менен Президент Садыр Жапаров расмий сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Кыргыз-япон кызматташтыгы
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстан менен Япониянын ортосунда 18 өнөктөштүк келишимине кол коюлду

Кыргызстан менен Япониянын ортосунда 18 өнөктөштүк келишимине кол коюлду

20.12.2025
 С. Жапаров Япониянын Императору Нарухито менен жолугушту

 С. Жапаров Япониянын Императору Нарухито менен жолугушту

19.12.2025
Садыр Жапаров Япониянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Садыр Жапаров Япониянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

15.12.2025
Б. Кудайбердиев: “Япония кыргызстандык эмгек мигранттарына кызыгууда”

Б. Кудайбердиев: “Япония кыргызстандык эмгек мигранттарына кызыгууда”

20.09.2025
Япониялык компания япон тилин билген кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштурат

Япониялык компания япон тилин билген кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштурат

16.07.2025
А. Касымалиев Япониянын премьер-министринин кеңешчиси менен жолукту

А. Касымалиев Япониянын премьер-министринин кеңешчиси менен жолукту

04.02.2025
Токиодо кыргыз-япон кызматташтыгынын келечектүү багыттары талкууланды

Токиодо кыргыз-япон кызматташтыгынын келечектүү багыттары талкууланды

02.10.2024
Президент Садыр Жапаров япон ишкерлери менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров япон ишкерлери менен жолугушту

28.09.2024
Японияга 20 мамлекеттик кызматкер билим алууга жөнөтүлдү

Японияга 20 мамлекеттик кызматкер билим алууга жөнөтүлдү

16.08.2024

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.