Президент Садыр Жапаров бүгүн кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө жаңы Кыргызстанды курууга багытталган коомдук-саясий жана экономикалык реформаларды ишке ашырууда жаштардын ролу артып, катышуусу күндөн-күнгө өсүп жаткандыгы абдан кубандырарын айтып, өлкө турмушунда маанилүү орунду ээлеген, саясий жана жарандык позициясы бар жүздөгөн жаш мекендештер бийликтин бардык бутактарында жетекчилик кызматтарда иштеп жатышканын белгиледи.
“Жүз миңдеген улан-кыздарыбыз турмуштун бардык тармактарында өлкөбүздүн негизги кыймылдаткыч күчүнө айланууда. Мамлекеттик жаштар саясатын өркүндөтүү максатында “Жаштар жөнүндө” мыйзамга кол коюлуп, ишке кирди. Бул мыйзам жаштардын өнүгүүсүнө шарттарды түзүүдө чоң өбөлгө болоруна ишенем. Ошондой эле мамлекет тарабынан жаштарга арналган маанилүү иш-чаралар да өткөрүлүүдө. Жакынкы мезгилде “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форумун өткөрүү мерчемделип жатат. Аталган иш-чарага Кыргызстандын ар бир аймагынан активдүү жаштар катышмакчы”, – деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
Жапаров коом турмушунда болуп жаткан оң өзгөрүүлөр менен катар, тилекке каршы, өсүп келе жаткан муундун жан дүйнөсүнө, аң-сезимине терс таасир этүүчү чакырыктар бар экени жашыруун эмес экенин, мындай кырдаалда өсүп келаткан муундарды, балдарды ар кандай деструктивдүү күчтөрдүн жана агымдардын терс таасиринен коргоо ар бирибиз үчүн эң актуалдуу милдет бойдон калууда деди.
“Жаштардын билим алуу, эне тилин билүү, жумушсуздук, арзан турак жай менен камсыздоо, миграция агымын азайтуу, салттуу эмес диний агымдардын таасиринен сактоо сыяктуу маселелери курч экени маалым. Мындай олуттуу көйгөйлөр мамлекеттин көңүл чордонунда”, – деген мамлекет башчысы.
Президент ошондой эле азыркы дүйнөлүк атаандаштыктын катаал шартында интеллектуалдык потенциалы жогору кадрларга болгон муктаждык болуп көрбөгөндөй өсүп жатканын айтып, мындай шартта жаштарга инвестиция салууну өлкөнүн өнүгүүсүн бийик деңгээлге алып чыга турган, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган ресурстук капитал деп билебиз деди.
“Жаңы Кыргызстанды куруу шартында мамлекеттин саясатынын бардык багыттарында жаңылоону жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жаштар саясаты да четте калбайт. Жаштар — өлкөбүздү сүрөгөн негизги күч! Урматтуу жаштар! Силердин демилгелериңерди, инновациялык долбоорлоруңарды ар дайым колдоп беребиз жана мамлекеттик кызматтарга тартууну улантабыз. Мамлекетибиздин келечеги жана үмүтү, жасаган ар бир кадамы силер үчүн! Себеби Ата Мекенибиздин чыныгы ээси – силерсиңер. Мен Кыргызстандын жаштары менен сыймыктанам!”, – деген Садыр Жапаров.



















