Тель-Авив Анкара менен мамилелерин кайра карап чыгуу үчүн Түркиядагы дипломаттарын чакыртып алат.
Бул тууралуу Израилдин Тышкы иштер министри Эли Коэн X соцтармагындагы баракчасынан билдирди.
28-октябрда Стамбулдагы “Ататүрк” аэропортунда Палестинаны колдоо боюнча масштабдуу митинг болуп өттү. Ага 1,5 миллионго жакын киши анын ичинде өлкө президенти Режеп Тайип
Эрдоган да катышты. Эл адында сөз сүйлөгөн түрк лидери Израилди “баскынчы” деп атап, аны аскердик кылмышкер катары жарыялоого убада берген.
“Биз Израилди аскердик кылмышкер деп жарыялайбыз. Биз буга даярданып жатабыз», — деген Эрдоган.
“Түркиянын кескин билдирүүлөрүнөн кийин израиль-түрк мамилелерин кайра карап чыгуу үчүн Түркиядан дипломатиялык өкүлдөрүбүздү чакыртып алууну тапшырдым», – деди Израилдин ТИМ башчысы.
Өз кезегинде Израилдин Түркиядагы элчилиги бир эле убакта X социалдык тармагына (мурунку Твиттер) түрк тилинде “Хамас террордук уюм” деген жазуусу бар сүрөттү жайгаштырды.
Эске салсак, буга чейин түрк лидери Анкара палестиналык ХАМАС кыймылын террордук уюм эмес, «боштондук топ» деп эсептей турганын билдирген болчу.


















