МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаиловго шахтадагы жарылуудан курман болгон адамдарга байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаиловго Казакстан Республикасынын Караганда облусундагы шахтадагы жарылуунун кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
“Казакстан Республикасынын Караганда областындагы Костенко атындагы шахтадагы жарылуунун кесепетинен адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшүп, бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, – деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетүүчү жагдай, Караганда облусундагы Костенко шахтасында 28-октябрга караган түнү жарылуу болгон. Кырсык учурунда жер астында 252 кенчи болгону, алардын 206сы өз алдынча чыгып кеткени кабарланган. Калгандары сыртка чыга албай калган.
Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 45ке жетти.



















