Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Венесуэла Газаны толук блокадалоону геноцид деп атады

  • Батыш Азия, Башкы жаңылыктар
  • 12.10.2023 14:26

Loading

Израилдин Газа секторун толугу менен блокадага алуусу геноцид, эл аралык коомчулук өз жерине жана өнүгүүгө укугу бар Палестинанын укуктарын коргоо үчүн биригиши керек.

Бул тууралуу Венесуэланын аткаруучу вице-президенти Дэлси Родригес VTV телеканалынын эфиринде билдирди.

9-октябрда Израилдин коргоо министри Йоав Галант Газа тилкесин толук блокадага алуу чечимин жарыялады. «Электр жарыгы, суу, күйүүчү май – баары жабылат», – деген ал.

Тема боюнча

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

17.11.2026

Ошол эле күнү бир нече сааттан кийин Израилдин энергетика министри Исраэль Кац Газага суу берүүнү  токтотууга буйрук бергенин жарыялады. Ал электр энергиясын жана күйүүчү май берүү бир күн мурун, 8-октябрда токтотулганын тактаган.

“Ушул тапта Газа тилкесинде электр жарыгы өчүрүлгөн, электр станциясы иштебей турат. Гуманитардык жардам өткөрүлбөй, суу жана электр энергиясы сыяктуу негизги кызматтарга жетүү бөгөттөлүп бүткүл дүйнөнүн көз алдында геноцид жасалып жатат. Биз Палестина элинин укуктарын четке каккан жана олуттуу түрдө бузган медиа машинага, сионисттик көз карашка каршы биригишибиз керек», – деди Родригес.

Анын айтымында, Каракас учурда болуп жатан жаңжал “көп тараптуу мейкиндикте өзүн кантип орнотууну, Палестинанын тарыхый укуктарын кантип натыйжалуу ишке ашырууну таба албаган Палестина элинин ондогон жылдар бою топтолгон көңүл калуусунун натыйжасы деп эсептейт.

“Өзүнүн аймагына, өзүнүн жерине укугу бар, өнүгүүгө, тынчтыкка укугу бар эл ондогон жылдар бою эзилип, ондогон жылдар бою кемсинтилди. Ондогон жылдар бою адам өлтүрүүлөр, кыргындар болду – балдар түрмөгө ыргытылды, балдар өлтүрүлдү. Палестиналык баланын өмүрү израилдик баланын өмүрү менен барабар, израидик баланын өмүрү палестиналык баланын өмүрү менен барабар. Бүгүн биз зордук-зомбулукту токтотууну суранабыз”, – деп кошумчалады Венесуэланын вице-президенти.

Родригес Каракас Палестина мамлекетине, эки мамлекет чечимине карата Бириккен Улуттар Уюмунун резолюцияларын урматтоого жана Чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбору катары урматтоого чакырат деди.

Буга чейин БУУ Израилдин Газа тилкесин блокадага алуусуна тынчсыздануусун билдирген. Уюм жай тургундардын өмүрүн тобокелге салган блокада эл аралык укукту жана адам укуктарын бузуу экенин эске салган.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо боюнча кеңсесинин өкүлү Йенс Лаерке Израиль бийлигини Газа тилкесине суу берүүнү токтотуу чечими бул аймакта ичүүчү суунун кескин тартыштыгына алып келерин билдирген.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин аракеттеринин натыйжасында Газанын медициналык мекемелеринде дары-дармек жана башка керектүү буюмдар, ошондой эле күйүүчү май жетишсиз болуп жатканын мурда эскерткен.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Тюрк Газа тилкесин толук масштабдуу блокадага алуу кабыл алынгыс экенин жана эл аралык гуманитардык укукту бузат деп билдирген.

«Жай тургундардын жашоосу үчүн зарыл болгон товарларга жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, алардын өмүрүн тобокелге салган блокадага эл аралык гуманитардык укук тарабынан тыюу салынган», — деген Тюрк.

Палестина-Израиль жаңжалынын курчушу 

7-октябрда палестиналык ХАМАС кыймылы Израилге каршы «Аль-Акса топон суусу» аскердик операциясын жарыялап, өлкөгө ракеталык чабуул жасай баштаган. Бир эле учурда ХАМАСтын аскерлери жүк ташуучу унаалар, мотоциклдер жана парапландар менен Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына басып кирип, бир нече адамды туткунга алышкан.

Мындан улам Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнү согуш абалында деп жарыялап, ХАМАСка каршы «Темир кылыч» операциясын баштап, Газа секторуна абадан сокку уруп жатат.

ХАМАСтын аскерий канатынын башчысы Мохаммед Дейфтин айтымында, кыймыл Израилге 5 миң ракета учурган (Израилдин Коргоо күчтөрүнүн эсептөөлөрү боюнча, Газа тилкесинен кеминде 2,2 миң ракета атылган).

10-октябрда Израилдин Коргоо армиясы ХАМАСтын күчтөрү басып алган бардык конуштарды өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Коргоо министри Йоав Галант Газа тилкесин толук блокадалоого буйрук берди. Учурда Израиль Газа тилкесиндеги объекттерге, анын ичинде жарандык объекттерге абадан сокку урууда.

Израилде каза болгондордун саны 1200дөн ашканын Times of Israel басылмасы маалымдады. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматтарына караганда, Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 1100гө жетип, 5000дей жаран жаракат алды.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: блокадаВенесуэлаГаза тилекесигеноцидИзраиль
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Израиль парламентинин вице-спикери палестиналык кесиптештерин мазактаганы үчүн төрт депутатты жыйын залынан чыгарды

Израиль парламентинин вице-спикери палестиналык кесиптештерин мазактаганы үчүн төрт депутатты жыйын залынан чыгарды

19.11.2026
Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

17.11.2026
Guardian: Израиль палестиналыктарга көз салуу үчүн Amazon компаниясынын технологияларын колдонууда: булут сактагычка 3,5 миллион сүрөт жүктөлгөн

Guardian: Израиль палестиналыктарга көз салуу үчүн Amazon компаниясынын технологияларын колдонууда: булут сактагычка 3,5 миллион сүрөт жүктөлгөн

17.11.2026
Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

16.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

16.11.2026
«Nvidia» компаниясындагы жаңжал: Израил менен кандай байланышы бар?

«Nvidia» компаниясындагы жаңжал: Израил менен кандай байланышы бар?

13.11.2026
Израилдик ЖМКлар: Трамп менен Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда бири-бирине кыйкырышкан

Израилдик ЖМКлар: Трамп менен Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда бири-бирине кыйкырышкан

13.11.2026
Израилде Беннет Нетаньяхунун жеңилгенин жарыялап, коалиция түзүү планын билдирди

Израилде Беннет Нетаньяхунун жеңилгенин жарыялап, коалиция түзүү планын билдирди

29.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
217 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.