Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Жапаров Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош түрк элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүүнү каалады.
Өз кезегинде Түркиянын президенти жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырды.
Өлкө лидерлери ошондой эле кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.
Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров Эрдоганды президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, тегерамма жөнөткөн.
Мамлекет башчысы түрк лидерине бекем ден соолук, бакубатчылык, ошондой эле аруу тилектерин турмушка ашыруу жолунда жана жогорку мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалап, боордош түрк элине – бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү тилеген.
28-майда өткөн Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгы боюнча, Режеп Тайып Эрдоган жаңы мөөнөткө кайра шайланган. Эрдоган 52,18% добушка ээ болгон. Анын атаандашы, оппозициянын бирдиктүү талапкери Кемал Кылычдароглу шайлоочулардын 47,82% добушуна ээ болгон.



















