Активист Болот Ибрагимов президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалды.
Маалыматты президенттин администрациясынан ырасташты.
Болот Ибрагимов президенттин коомдук башталгычтагы кеңешчи кызматына дайындалды.
Тема боюнча
No Content Available
Белгилей кетсек, Ибрагимов жарандык активист жана патрулдук милиция кызматкерлеринин арасындагы коррупцияга каршы күрөшкөн SAFARI кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири.
Активист 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого “Эл үмүтү” партиясы менен катышып, бирок өткөн эмес. Ал эми буга чейин “Биздин эл” партиясы менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин коюп өткөн, бирок шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыктан мандатка жеткен эмес.










