БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Европа жана Борбор Азия үчүн 35-аймактык конференциясы Борбор Азия өлкөлөрүнүн тарыхында биринчи жолу Душанбе шаарында өтүп жатат. Бул тууралуу Тажикстандын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Учурда 54 мүчө өлкөдөн жана байкоочу мамлекеттерден, ошондой эле 20 эл аралык жана аймактык уюмдан 550дөн ашык коноктун катышуусу күтүлүүдө. Иш-чаранын расмий сайты аркылуу каттоо 4-майга чейин жүргүзүлгөн.
Конференцияга Цюй Дунъюй, министрлер, министрлердин орун басарлары, элчилер, өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери жана эл аралык, аймактык уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Тажикстандын Айыл чарба министрлиги Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте ФАОго мүчө 54 мамлекетке, 5 байкоочу өлкөгө жана 46 эл аралык уюмга иш-чарага катышуу үчүн чакырууларды жөнөткөн.




















