Eurasiatoday
Ишемби, 28-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

35 жыл мурдагы архивдик сүрөттөр. Советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылышы

  • Борбор Азия, Россия, ТОП жаңылыктар
  • 15.02.2024 10:48

Loading

Мындан 35 жыл мурун 1989-жылы 15-февралда советтик жоокерлердин акыркы колоннасы Ооганстандан чыгып кеткен.

Ооган согушу 1979-жылдын 25-декабрында башталып, 1989-жылдын 15-февралына чейин созулган. Он жылга созулган согушка 620 миңдей советтик аскер кызматкери катышкан. Алардын 15 миңден ашууну согушта курман болгон. Ал согушка Кыргызстандан дагы 7 миңден ашык жоокер жөнөтүлүп, алардын ичинен 300дөй адам курман болуп, 1500 киши ар кандай жаракат алган.

Советтик аскер кызматкерлеринин Ооганстандан кантип чыгып кеткени туурасында сүрөт түрмөгүнөн окуп, көрүңүз.

Тема боюнча

Лавров: Радикалдар Ооганстан аркылуу Борбор Азияга жана Россияга коркунуч жаратууну көздөшүүдө

Лавров: Радикалдар Ооганстан аркылуу Борбор Азияга жана Россияга коркунуч жаратууну көздөшүүдө

16.10.2026
© Андрей Соломонов

Сүрөттө: Ооганстан Ислам Республикасы, Саланг ашуусу. Советтик аскерлердин биринчи колоннасы мекенине жөнөп жатат.

Расмий статистика боюнча 10 жылдын ичинде 1979-1989-жылдары 546 миң советтик аскер кызматчысы Ооганстандын отунан өтүп, 15 миңден ашыгы мекенине тирүү кайткан эмес, дээрлик 50 миңи жарадар болгон.

© Юрий Абрамочкин

Сүрөттө: Михаил Горбачев (оңдо) жана Ооганстандын президенти Мохаммад Наджибулла (солдо) расмий жолугушуунун алдында.

КПССтин борбордук комитетинин башкы катчысы Михаил Горбачев менен Ооганстандын президенти Наджибулланын Ташкенттеги тарыхый жолугушуусу. 1988-жыл 7-апрель. Анда Женева келишимдерине токтоосуз кол коюу жана аскерлерди чыгарып кетүүнү баштоо жөнүндө чечимдер кабыл алынган.

© Александр Гращенков

Сүрөттө: Ооганстандын жай тургундары советтик интернационалчы-жоокерлерди үйлөрүнө узатып жатышат.

1988-жыл 15-май – Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарыла башталышы. Алгачкы үч айда Ислам республикасынан 50 миңден ашуун аскер кызматкери чыгып кеткен.

© В. Киселев

Сүрөттө: Өзбекстандын Термезинде темир жол платформасында аскердик техниканы жүктөө, 1988-жыл, май.

Термез Ооганстан менен чектеш жайгашкан Борбор Азиядагы эң ысык шаарлардын бири. Ооган согушунун жылдарында шаарда советтик аскерлер жана алардын үй-бүлөлөрү жашашкан.

Ооган согушунун жылдарында аскердик жана кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн эрдиги үчүн 86 аскер кызматкери Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга ээ болгон.

© Юрий Сомов

Сүрөттө: Ооганстандан чыгарылган бөлүктөрдүн жоокерлери Кушкадагы жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан берилген дарбыздарды көтөрүп турган чагы.

Кушка – Түркмөн ССРиндеги шаар (азыркы Серхетабат) – Ооганстан менен чек арадан төрт чакырым алыстыкта, Мары – Кандагар автожолунун боюндагы дарыя өрөөнүндө жайгашкан.

Ооган согушунун жылдарында аскердик аракеттер жүрүп жаткан аймакка жөнөтүлгөн көптөгөн аскер кызматкерлери Кушкада климатташтыруудан өтүшкөн. Түркмөн шаарынын климаттык шарттары Ооганстандын климатына бир топ окшош.

© Розыев

Кушканын жашоочулары мекенине кайтып келген интернационалчы-жоокерлерди тосуп алууда. Советтик аскерлердин чектелген контингентинин Ооганстандан чыгарылып кетиши.

© Andrey Solomonov

Сүрөттө: Советтик аскерлердин колоннасы Саланг ашуусу аркылуу өтүп жатат.

© Вячеслав Киселев

Сүрөттө: жоокердин кызматтык жардамчысы менен коштошуп жаткан учуру.

1988-жылдын ноябрь айынын башында душмандардын кескин күчөгөн чабуулдарынан улам Ооганстандан советтик аскерлерди чыгаруу токтотулган.

1988-жылдын ноябрь жана декабрь айларынын экинчи жарымында Ооганстандагы абал бир аз турукташкан. Бирок, СССРдин жетекчилиги советтик аскерлерди чыгарып кетүү акырына чейин ишке ашырыла тургандыгы жөнүндө билдирүү жасоодон карманган.

© Андрей Соломонов

Сүрөттө: советтик аскерлер оогандык жолдошторго Ооганстандагы советтик аскерлердин чектелген контингентинин Н-бөлүгүнүн символикалык ачкычын берип жаткан учуру.

© Александр Гращенков

Сүрөттө: Ооганстандан кайтып келе жаткан советтик полктор.

Аскерлерди чыгаруу боюнча акыркы операция январдын аягында — 1989-жылдын февраль айынын биринчи жарымында болгон.

© Andrey Solomonov

Сүрөттө: советтик аскерлердин колонналары Саланг ашуусу аркылуу бара жатат. Жолдун жээгинде ооган душмандары талкалаган унаалардын сыныктары турат.

Аскерлерди чыгарып кетүү операциясына душмандар (мужахеддер) тынымсыз чабуул коюшкан.

© В. Киселев

Айрым маалыматтарга караганда, бул мезгилде 500дөн ашуун советтик жоокер курман болгон.

© В. Киселев

1989-жыл 15-февраль – Ооганстандан аскерлердин чыгарылышынын аякташы.

Сүрөттө: массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Ооганстандагы советтик аскерлердин чектелген контингентинин командачысы, Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Борис Громовдун брондолгон транспортун тосуп алууда.

© Андрей Соломонов

Ооганстандагы советтик аскерлердин чектелген контингентинин командачысы генерал-лейтенант Борис Громов аскерлердин чыгарылышы аяктагандыгы тууралуу билдирип жаткан учуру.

© Andrey Solomonov

Сүрөттө: Советтик армиянын акыркы бөлүктөрүнүн Ооганстандан чыгышы, 1989-жыл.

© Andrey Solomonov

Сүрөттө: аскер кызматкерлери Ооганстандын Хайратан шаарындагы аскердик базада үйлөрүнө кайтуу үчүн чогулуп жаткан учуру.

Ошол эле учурда Ооганстандын аймагында душмандар (мужахеддер) тарабынан туткунга алынган советтик жоокерлер дагы эле бар болчу.

© Александр Гращенков

Сүрөттө: Кундуз шаарынын көчөсүндө советтик интернационалчы-жоокерлер.

Расмий маалыматтар боюнча, Ооганстандагы салгылашууларда 400дөн ашуун аскер кызматкери туткунга түшүп, дайынсыз жоголгон. Алардын айрымдары советтик аскерлер чыгарылып кеткенге чейинки мезгилде бошотулган, андан кийин — Ооганстан Демократиялык Республикасынын жана Пакистандын өкмөтүнүн ортомчулугу менен советтик туткундарды бошотуу жөнүндө сүйлөшүүлөр улантылган.

© В. Киселев

Сүрөттө: Өзбекстандын Термез шаарында советтик интернационалчы-жоокерлерди тосуп алуу учуру.

Ооган согушунун жылдарында аскердик жана кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн эрдиги үчүн 86 аскер кызматкери Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга ээ болгон.

© Юрий Сомов

Жакындар менен көптөн күткөн жолугушуу.

Сүрөттө: Түркмөнстан ССР. Ооганстандан кайтып келген аскерлерди салтанаттуу тосуп алуу учуру.

Маалымат интернет булактарынан алынды. 

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: архивОоган согушуОоганстансоветтик жоокерлертарых
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ооганстанда үйлөнүү үлпөттөрүндө жана майрамдарда фейерверк атууга толугу менен тыюу салынды

Ооганстанда үйлөнүү үлпөттөрүндө жана майрамдарда фейерверк атууга толугу менен тыюу салынды

29.10.2026
Лавров: Радикалдар Ооганстан аркылуу Борбор Азияга жана Россияга коркунуч жаратууну көздөшүүдө

Лавров: Радикалдар Ооганстан аркылуу Борбор Азияга жана Россияга коркунуч жаратууну көздөшүүдө

16.10.2026
Россия менен Ооганстандын чалгын кызматтарынын жетекчилери Кабулда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Россия менен Ооганстандын чалгын кызматтарынын жетекчилери Кабулда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

16.10.2026
БУУ Ооганстанда аялдарга жана ЖМКларга каршы репрессиялар күчөгөнүн билдирди

БУУ Ооганстанда аялдарга жана ЖМКларга каршы репрессиялар күчөгөнүн билдирди

16.10.2026
Ооганстан бардык өлкөлөр менен экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнү каалайт

Ооганстан бардык өлкөлөр менен экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнү каалайт

06.10.2026
Кыргызстан менен Ооганстандын тышкы иштер министрлери кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты 

Кыргызстан менен Ооганстандын тышкы иштер министрлери кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты 

14.09.2026
«Талибан» нааразылык акцияларына тыюу салды: Ооганстанда жарандарды көзөмөлдөөнү күчөткөн мыйзам кабыл алынды

«Талибан» нааразылык акцияларына тыюу салды: Ооганстанда жарандарды көзөмөлдөөнү күчөткөн мыйзам кабыл алынды

25.08.2026
Беш жылдан кийин: Борбор Азиянын Ооганстанга болгон мамилеси кандай өзгөрүүдө?

Беш жылдан кийин: Борбор Азиянын Ооганстанга болгон мамилеси кандай өзгөрүүдө?

21.08.2026
Тажикстан чек арадагы тургундун каза болушуна байланыштуу Ооганстанга нааразылык нотасын жөнөттү

Тажикстан чек арадагы тургундун каза болушуна байланыштуу Ооганстанга нааразылык нотасын жөнөттү

14.08.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.