Казакстандын Түркстан облусунда бананды өндүрүштүк көлөмдө өстүрүү колго алынууда. Өлкөнүн айыл чарба министрлигинин билдирүүсү боюнча, банандын бул сорту Казакстандын климаттык шартына адаптацияланган.
“Түркиянын GenGroup Qazaqstan компаниясы аянты 5,3 гектарды түзгөн аянтка банан дарагын өстүрө турган күнөскана комплексин курду. Банандын сорту атайын кыйыштырылып чыгарылган жана Казакстандын климаттык шартына адаптацияланган”,- деп айтылат маалыматта.
Күнөскананы дагы 5 гектарга кеңейтүүнү убада кылышты – бул жылына 1000 тонна банан өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. План боюнча, алгачкы түшүм 6-8 айдан кийин жыйнала баштайт.
Күнөсканада банандан тышкары томат жана кулпунай өстүрүлөт. Бул долбоордун баасы биринчи этапта 4 млн долларды (азыркы эсеп боюнча 1,7 млрд теңге) түзөт.
“Курулуш учурунда түрк компаниясы жогорку сапаттагы конструкцияны колдонгон, күнөскана климат-көзөмөл жана аба ырайы начар болгон учурда да өсүмдүктөрдүн генетикалык мүмкүнчүлүгүн толук колдоно турган адаптациялык азыктануу системасы менен жабдылган”, – деп айтылат айыл чарба министрлигинин маалыматында.
Улуу Британиянын энциклопедиясында банан нымдуу тропикалык климатта өсөт, ошондой эле бул өсүмдүктү айрым жарым кургак аймактардын шартында да ийгиликтүү өстүрүшөт. Биринчи мөмө 10-15 айдан кийин бышат. Банандар даракта өсөт деген кеңири тараган түшүнүк да туура эмес. Банан өсүмдүгү – бийиктиги 3-6 метр болгон өсүмдүк.