Eurasiatoday
Среда, 29-Ноябрь, 2023
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Садыр Жапаров «Ош» аэропорту боюнча маселеге чекит койдубу?

  • Аналитика
  • 02.05.2023 14:53

Loading

Президент Садыр Жапаров 1-май күнү Ош шаарына келип, илгертен айтылып келаткан маселенин башын ачты. Ал – Ош Эл аралык аэропортун жылдыруу болчу.

Өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, Ош эле эмес, Жалал-Абад шаарына да жаңы аэропорт курулат. Бирок алар качан башталып, качан бүтөөрү, ким куруп, ким башкараары тууралуу маалыматтар ачыкталган жок.

Тема боюнча:

Жапаров Минскидеги ЖККУнун саммитинде Газа маселесин көтөрдү

Жапаров Минскидеги ЖККУнун саммитинде Газа маселесин көтөрдү

24.11.2023

Сунушталып жаткан долбоорго ылайык, аба майдандары эл аралык бардык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берген жаңы тилкелерде курулган толук кандуу аэропорт болуп салынат. Ал эми азыркы аэропорттордун ордуна заманбап көп кабаттуу турак жайлар курула турган болууда. Андагы батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шартта сатылат.

Демек, Ош аэропорту кайсы жерге курулат?

Азыркы «Ош» Эл аралык аэропорту калаадан тогуз чакырым жерде жайгашкан. Анан аймагынын жалпы аянты 168 гектарды түзөт. Ал эми жаңы салынат деген аба майданы Ош облусунун Отуз Адыр айыл өкмөтү менен Мады кыштагынан түндүк-чыгыш тарабындагы Жаңы-Алай айылынын чыгыш жагында жайгашкан 450 гектарлык жер аталууда. Бул аймак Ош шаарынан болжол менен 20-25 км.ди түзөт.

Оштун аэропортун жылдырыш керек деген долбоор Кыргызстан эгемендүүлүк алганга чейин эле кабыл алынганы айтылып келет. Анткени азыркы аба майданы Өзбекстандын чек арасына өтө жакын жайгашып калгандыктан, стратегиялык аймак катары каралып, чек арадан алыстатуу зарылчылыгы туулган дешет. Мындан сырткары, коңшу өлкө да аба майданды чек арадан алыс жылдыруу керектигин айтып, бир нече жолу кат жолдогону айтылып жүрөт. Аэропортту жылдыруу керек деген демилгени колдогондор «Ош» аба майданы жайгашкан азыркы жерде нымдуулук көп болгондуктан, ар дайым туман каптап, учактардын учуп-конуусуна илгертеден бери тоскоолдук жаратып келет деген жүйөнү айтышат.

Чындыгында аба ырайы өзгөрүп, жаан-чачын күчөгөн күндөрү “Ош” аэропорту жүргүнчүлөргө бир нече күн ыңгайсыздык жаратып, учактар коно албай, алды Бишкек шаарындагы “Манас” аэропортуна, арты Өзбекстандын «Анжиян» аэропортторуна конгон учурлар көп катталган. Рейстер жылдырылып, ыңгайсыздык жаралып келгени чындык. Мунун баары туруксуз аба ырайынан кесепетинен болуп жүргөн. Ошондой туман каптап, учактар коно албай калган ушундай кездери Ошто «аэропортту жылдыруу керек»,-деген сөздөр кайра-кайра көтөрүлүп калат.

Бирок аба майданын жылдыруунун зарылчылыгы жок деген пикирдегилер да бар. Аталган аба майданда 43 жыл иштеп, жакында ардактуу эс алууга чыккан Мураталы Акматовду буга чейин кепке тартканыбызда, аэропортту жылдыруунун зарылчылыгы жок экенин төмөндөгүдөй түшүндүрүүгө аракет кылган эле.

Аэропортту жылдыруунун зарылчылыгы жок дегендердин жүйөсү…

«Эгер маселе туманга эле келип такалса, анда аэропорттун категориясын жогорулатып, жакшыртыш керек», — дейт Акматов.

«Мына мисалы, Ошко коно турган учактардын туманда отуруу мүмкүнчүлүгү менен “Манас” аэропортундагы мүмкүнчүлүктү салыштырып көрөлү. Борбордогу аэропорт менимче 3-категорияда. А биздики экинчи категорияда. Ошондо аларда туманда да отура беришет, а бизде “Манастагыдай” туманда отура албай калышы мүмкүн. Анын өзүнүн көрсөткүчтөрү бар, сандар менен. Атайын булактарга кайрылуу керек. Баары бир далилдер менен иш кылган жакшы. Анан туман болуп, 3-4 рейс коно албай калса эле, бул маселени көтөрө бериш болбойт го дейм. Азыр коом өзгөрүп атат. Мисалы, чет мамлекеттердеги аэропорттордо кандай деген каражаттар турат. Тескерисинче ошолорду алып келип коюп, техникалык жактан тейлей турган жабдыктарды жакшыртыш керек дегендерди сөз кылсак жакшы болмок. Туман маселесин ошолор менен эле чечип койсо болот»,-дейт ал.

Буларга кошумчалап, Өзбекстан аэропортту жылдыргыла деген маалымат жалган болушу ыктымал дейт.

«Мен айтып атпайымбы, ушул аэропортто 43 жыл иштесем, ушул аралыкта бир гана жолу Өзбекстандын Анжиян облусунда аскердик окуу-машыгуулар өткөрүлүп калып, эки саатка гана аба мейкиндигин жаап коюшкан. Анда күндүзү болчу, биздин учактар Өзбекстандын аймагы менен эмес, башка курс менен учуп, ошол эле Отуз-Адыр жак менен келип конгон. Анда да бир же эки рейс. Бирок ал эч кандай деле тоскоолдук кылган жок. Кийин кайра ошол жабылууну кайра алып коюшту, болду, эмдигиче учуп атышат. Ал эми аба мейкиндигин пайдалануу боюнча эл аралык келишимдер бар. Ошолорго таянып иштей беришет. Өзбекстан антиптир-мынтиптир деген туура эмес. Ал имиш болушу мүмкүн, мен ага ишенбейм»,-дейт Мураталы Акматов.

Эмне болсо да курулат окшойт…

Коомчулукта «Ош» эл аралык аэропорту жылдырылат деген сөздөр мурдатан бери айтылып келгени менен мындай имиш-имиш сөздөрдөн айырмаланып, реалдуу иш аткарылган эмес. Бирок 2015-жылы КР Өкмөт башчы болуп келген Темир Сариев ушул теманы козгогон. Анткен менен анда да сөз жүзүндө калып кеткен.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков өлкө башчы болуп турган убакта бул маселе бир кыйла козголду. Мисалы Кытай менен Түркиядан инвесторлор келип, бир топ сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Буга Ош облусунун жетекчилери катуу кызыктар болгон.

Кийин Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Ош облусун жетектеп калган Жарасул Абдураимов бул маселеге кызыгып, чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын ичинен Түркия мамлекети жаңы, заманбап аэропорт курууга кызыктар экенин билдирген. Мындан мурда, кытайлык жеке компания Ош облусуна жаңы аэропорт курууга кызыкдар болуп жаткан, бирок аэропорттун стратегиялык маанилүүлүгүн эске алуу менен сүйлөшүүлөр ийгиликке жеткен эмес. Андыктан Түркия мамлекети менен аэропорт куруу боюнча сүйлөшүү жүрө баштаган.

«Ош» аба майданын Мады аймагына көчүрүү керек деген план болуп, ал активдүү болбосо да талкууланып жатканы менен, азыркы аэропортто реконструкция иштери токтогон эмес. Тагыраагы, учуп жаткандарды узатууга келгендер үчүн күтүү залы кеңейтилип, учуп-конуу тилкелери узартылган сыяктуу көптөгөн жаңылоо иштери улантылган. Бирок сапатсыз курулуштун айынан былтыры аэропорт администрациясын уятка калтырган көрүнүш катталган.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 18-майындагы нөшөрлөп жааган жаандын айынан, аэропортунун күтүү залынын шыбынан суу өтүп, анысы урап түшкөн. Анын айынан рейсттер кармалып, ыңгайсыздыктар жаралганы айтылган. Мындан алты жыл башта бул күтүү залын 70 млн сомдон ашык каражатка үч компания реконструкция кылган болчу. Муну менен аталган жерден экинчи жолу суу агып кирди. Ошентип бул ирет да аэропорттун жумушуна коомчулук тарабынан катуу сындар айтылган.

Кошумчалай кетсек, «Ош» эл аралык аба майданы — Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт. Анын имараты 1974-жылы курулган жана анда 900дөн ашык киши иштейт. Аэропорт жумасына 160ка жакын каттам аткарат.

Материалды даярдаган: Асанбек Пазыл

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Тегдер: Жалал-Абад аэропортукурууМураталы АкматовОш аэропортуСадыр Жапаров
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Садыр Жапаров Баку шаарында Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Баку шаарында Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

24.11.2023
Жапаров Минскидеги ЖККУнун саммитинде Газа маселесин көтөрдү

Жапаров Минскидеги ЖККУнун саммитинде Газа маселесин көтөрдү

24.11.2023
Садыр Жапаров Минскте Александр Лукашенко менен жолукту. Видео

Садыр Жапаров Минскте Александр Лукашенко менен жолукту. Видео

23.11.2023
Садыр Жапаров менен биринчи айымды Япониянын Император менен Императрицасы тосуп алды. Сүрөт

Садыр Жапаров менен биринчи айымды Япониянын Император менен Императрицасы тосуп алды. Сүрөт

17.11.2023
Садыр Жапаров РФнын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымын кабыл алды. Эмне тууралуу сөз болду

Садыр Жапаров РФнын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымын кабыл алды. Эмне тууралуу сөз болду

16.11.2023
Садыр Жапаров Франция президентинин атынан расмий кабыл алуу иш-чарасына катышты

Садыр Жапаров Франция президентинин атынан расмий кабыл алуу иш-чарасына катышты

10.11.2023
Бүгүн Жаштардын күнү белгиленүүдө. Президенттин куттуктоосу

Бүгүн Жаштардын күнү белгиленүүдө. Президенттин куттуктоосу

10.11.2023
Садыр Жапаров Газадагы согуштук аракеттерди тез арада токтотууга чакырды

Садыр Жапаров Газадагы согуштук аракеттерди тез арада токтотууга чакырды

09.11.2023
Садыр Жапаров журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Садыр Жапаров журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

07.11.2023

Башкы жаңылыктар

ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

28.11.2023
Ташкентте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн муфтийлери Газадагы кырдаалды талкуулашты

Ташкентте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн муфтийлери Газадагы кырдаалды талкуулашты

27.11.2023
Кыргызстан Ооганстанга 100 тонна гумжардам жөнөтөт

Кыргызстан Ооганстанга 100 тонна гумжардам жөнөтөт

27.11.2023
Газадан Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды

Газадан Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды

27.11.2023
Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

25.11.2023
Бишкекте баңгизат менен күрөшүүгө арналган жыйынга 20дан ашуун өлкөнүн делегаттары катышты. Сүрөт

Бишкекте баңгизат менен күрөшүүгө арналган жыйынга 20дан ашуун өлкөнүн делегаттары катышты. Сүрөт

24.11.2023

Валюталар курсу

25
Узнаем возраст наших посетителей

Сколько вам лет

Экономика

Ошто орусиялык дарыгерлер 42 баланын жүрөгүнө акысыз операция жасашты

Ошто орусиялык дарыгерлер 42 баланын жүрөгүнө акысыз операция жасашты

27.11.2023
Улуу Британиялык ишкер менен Кыргызстанга завод куруу боюнча сүйлөшүү болду

Улуу Британиялык ишкер менен Кыргызстанга завод куруу боюнча сүйлөшүү болду

27.11.2023
Жылуулук энергиясы жана ысык суунун тарифтик саясатына өзгөртүүлөр киргизилди

Жылуулук энергиясы жана ысык суунун тарифтик саясатына өзгөртүүлөр киргизилди

27.11.2023
 А. Жапаров жумуш сапары менен Улуу Британияга барды

 А. Жапаров жумуш сапары менен Улуу Британияга барды

27.11.2023
Бишкекте 6 миңден ашык квартиралар курулуп жатат

Бишкекте 6 миңден ашык квартиралар курулуп жатат

25.11.2023
Быйыл тышкы карызга 360 миллион доллар төлөндү

Быйыл тышкы карызга 360 миллион доллар төлөндү

24.11.2023

Eurasia Today
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.