Казакстанда быйыл 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги билдирди.
“Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында, ошондой эле башка милдеттерди чечүү зарылдыгынан улам 2023-жылы Казакстанда аскердик парад өткөрүү пландалган эмес. Атап айтканда, Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жана мобилдүүлүгүн талап кылынган деңгээлде кармап турууга артыкчылык берилет”, – деп айтылат Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.
Маалыматта, аскердик парад өтпөй турганы менен, өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлерин сыйлоо, фронтто курман болгон баатырларды жана алардын эрдигин эскерүү сыяктуу ар кандай аскердик-патриоттук иш-чаралар пландалып жатканы белгиленет.
Ата Мекенди коргоочулар күнүнө жана Жеңиш күнүнө арналган бир катар иш-чараларга мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев катыша турганын Акорда билдирди.
“5-майда президент Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы катары жалпы армиялык жыйын өткөрөт. 9-майда борбор калаада Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесин эскерет”, – деп айтылам маалыматта.
Белгилей кетсек, Казакстанда аскердик парад акыркы жолу 2018-жылы өткөрүлгөн. 2020-2021-жылдары коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн эпидемиологиялык абалдан улам парад өткөргөн эмес. Казак бийлиги былтыр да 7-майда Мекенди коргоочулардын күнүнө жана 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик параддарды өткөрүүдөн баш тарткан.
Казакстандын Коргоо министри Руслан Жаксылыков, 2022-жылы республикада аскердик парад дал ушундай себептер менен (бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында – ред.) өткөрүлгөн эместигин, бир парад өлкөгө 4 миллиард теңгеден (720 миллион рубль) ашык чыгым алып келерин билдирген.