Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

2024-жылы Кыргызстандын ИДПсы 1 трлн 259 млрд сомду түзөт

  • Аналитика
  • 24.11.2023 13:08

Loading

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөттүн бардык мүчөлөрү кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жылдын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы боюнча отчет берди. Ошондой эле отурумда 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси менен катар келерки 2024-жылдын мамлекеттик бюджетинин долбоору да каралды.

Акылбек Жапаров 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчет фракциялардан, депутаттык топтордон, ошондой эле бардык комитеттерден өткөнүн айтып, сөзүн коррупциядан баштады.

“Урматтуу Президентибиз өзүнүн акыркы интервьюсунда: “Коррупциянын тамырын 100 пайыз кыркып бүтө элек болсок дагы, 90 пайызын жойдук. Ошол үчүн бюджетибиз көтөрүлүп жатат” деди. Чындыгында 30 жылда өлкөнү басып кеткен саясий коррупция демонтажталды. Анын эң башкы далили – “Кумтөр”. Ал элге кайтарылды: 5 арбитраждык, 6 ар түрдүү эл аралык соттук процесстерди бүтүрдүк. Мындан тышкары Мегаком (300 млн$), Бител (75 млн$), Манас банк (18 млн$), Таш-Көмүрдөгү (60 млн$) завод боюнча иштерде 100% Кыргызстандын пайдасына соттук процесстерди жеңдик. Ушунун баарын саясий коррупция басып турган. Мен 20 жылда 3 жолу депутат болдум. Дүйнөлүк банктын “Многоликая коррупция” деген китебин канча жолу бийликтегилерге жеткире алган жокмун. Саясий коррупция болгон жерде ОПГ сөзсүз аралашат. Анткени ОПГ – саясий коррупциянын эгизи же бир тууганы! Бардык баскычтарда тазалануу иштери жүрүп жатат. Садыр Нургожоевич мамлекетти иретке келтирүү үчүн экономиканы мага, күч блогун Камчыбек Кыдыршаевичке берди. ОПГларга каршы аёосуз күрөш – бул мамлекетке салык төлөтпөй жүргөн, крыша болгондор менен күрөш! Булар менен аралашкан бардык мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, ишкерлер тазаланып жатат” деди.

Тема боюнча

ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

18.11.2026

Министрлер Кабинетинин ичинде эч кандай түшүнбөстүктөр жок экенин белгилеген Акылбек Жапаров азыркы иш ыргагына чыдабагандар же мурдагыдай жүрө берсе болот дегендер өздөрү эле жолдон түшүп калып жатканын айтып, Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн ортосунда келишпеген бир да маселе жок экенин баса белгиледи.

“Баарыбыз Манастын кырк чоросундай күчтүү команда болуп иштедик. Ынтымак болбосо, мамлекет жоголот: “бирөө айдалып Кангайга, бирөө айдалып Алтайга, бирөө тентип Эренге, бирөө түшүп тереңге” кетет, эл таруудай чачырап, бөлөк калкка сиңип, тилин, дилин, үрп-адатын, наркын акырындап жогото берет, “миң да болсо кырылат, пил да болсо жыгылат”, элдин байлыгы да, көптүгү да, баатырдыгы да түккө турбай калат. Биримдик, ынтымак, акыл-эс, билим жана күчтүү саясий эрк – азыр мунун баары бизде бар!” деген Акылбек Жапаров 7-чакырылыш иштеп баштагандан бери Жогорку Кеңешке 359 мыйзам долбоору кирсе, анын 280ин колдоп бергенин, депутаттар тараптан 132 мыйзам долбоору демилгеленип, Садыр Жапаров 275ине кол койгонун, 84 эл аралык келишим ратификацияланганын айтып өттү.

Президент Садыр Жапаровдун командасы инфляциялык рисктер, валюталык рынокторго санкциялардын таасири, сырьёлук рыноктогу жана транспорттук-логистикалык коридорлор менен байланышкан чырлар, технологиялык чечимдердеги тоскоолдуктар, IТ адистериндеги кадрдык дефицит ж.б. мына ушундай кырдаалга карабастан, Кыргызстан акыркы жылдары өсүү динамикада болуп келе жатканын белгилеген Минкабтын Төрагасы бүт өлкөлөр менен мамилелер жакшырганын билдирди.
Макроэкономикада дүйнөлүк финансылык институттар ар түрдүү маанайдагы прогноздорду бергени менен Кыргызстанда туруктуу өнүгүү көрсөткүчтөрү катталды.

Садыр Жапаров бийликке келген жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы минус 7,1%га төмөндөгөн. 2020-жылдан бери 439 млрд сомго өстү. 2022-жылдын ИДПсы 11,5 млрд долларды түздү. ИДПнын 1 трлндук көрсөткүчтөрүн басып өтүүдөбүз. Бул тарыхый учур. Ал эми 2024-жылы 2 эсе көбөйтүп, 1 трлн 259 млрд сомду түзөрү болжолдонууда.

Калктын жан башына ИДПнын көлөмү 2023-жылы 1900 долларда болору мерчемделип, ал 10 жылда 311 долларга өссө, Садыр Жапаров келгени 700 долларга өстү.

Инфляцияга карабастан айлыктардын реалдуу өлчөмүндө өсүштөр болуп жатат. Статкомдун маалыматы боюнча 9 айда 32 миң сомдон ашты. Анын реалдуу өлчөмү, керектөө бааларынын индексин эске алып эсептегенде 10,7%га өстү.

Инфляцияны улам ылдыйраак төмөндөтүп, 2023-жылдын 10 айдын жыйынтыгы боюнча 6,7% деӊгээлинде кармоого мүмкүндүк берип жатат, ал негизинен импорттук инфляция. Экономикада жана бюджеттик саясатта туура багытты алганыбыз үчүн инфляциянын деңгээлин 2024-жылы 9,5%га болжолдоп жатабыз (2022-14,7% факт; 2023-10,1% болжол).

Акылбек Жапаров отчетун андан ары улай айтып: “Мамлекеттик банктарды күчтөдүк. Биз алардын уставдык капиталын 100 млн доллардан ашырабыз дегенбиз, бул максаттарыбызга жеттик: РСК банктын уставдык капиталы 2020-жылы 2,3 млрд сом болчу, азыр 9,4 млрд сомго жетти, 4 эсеге көбөйдү. Айыл банктын уставдык капиталы 2020-жылы 3,5 млрд сом болсо, азыр 12,4 млрд сомго жетти, же 3,5 эсеге көбөйдү. Экөө тең өлкөдөгү эң ири банктардын катарына кирди. Бул иштер мамлекеттик программаларды ишке ашырууга жакшы түрткү болууда” деди.

Тышкы дипломатиялык карым-катнашта Президенттин натыйжалуу саясатынын аркасында тышкы экономикалык көрсөткүчтөрдүн көлөмү 2023-ж. янв.-сент. айларында 10,8 млрд долларды түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 26,2%га өсүш болду.

Акча которуулардын көлөмү 2018-жылы ИДПга карата 32,4%ды түзүп турган. 2022-жылы ИДПга карата 25,4%ды түздү. Акча которууларга болгон көз карандылык азаюуда, бул экономикабызда башка секторлордо өнүгүүлөр жандангандыгын билдирет. Бирок мекендештерибиздин акча которуулары биздин экономикабызга чоң салым экендигин танбайбыз.
Бюджеттик мыйзамдарда кандай өзгөрүүлөр менен келип жатабыз? – Бул бүгүнкү күндүн негизги суроосу болсо керек.

1-өзгөчөлүк мамлекеттик саясатта казнаны көбөйтүү – башкы артыкчылык болгонуна токтолгон Акылбек Жапаров: “Былтыр биз сиздерге келгенде мындан ары бир гана экономика менен иштейбиз дегенбиз, дал ушул багытта иштедик жана иштейбиз. Бюджеттин кирешелерин көбөйтүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу үчүн реалдуу иштер жүрдү. Мамлекеттик башкаруу секторунун көрсөткүчү – конс.бюджет 2023-жылы 503,4 млрд сом бекитилген, бирок биз быйыл такталган бюджетте 570 млрд сомдон ашырабыз деп турабыз. 2024-жылы 600,7 млрд сом пландалды, бирок андан да көп болоруна ишенебиз” деди.

2-өзгөчөлүк катары баарын турукташтырып, профицит менен келгенин айтты. Мамлекеттик бюджетте 2024-жылгы киреше – 414,2 млрд сом болот. Чыгаша 394,2 млрд сомду түзөт. Акылбек Жапаров бюджет дефицит эмес, 20 млрд сом профицит менен аткарыларын билдирип:“Оптимист болуп кетип жатат” дебеңиздер, бирок муну жакшылыктын башаты болду деп кабылдоо туура болот. Анткени экономика силкинди. Бардык тармакта өнүгүүлөр башталды” деди.

3-өзгөчөлүк, салык жана бажы кызматкерлери коррупциядан арылып, профессионалдык компетенттүүлүгүн көрсөтүүдө. Консолидацияланган бюджеттин ресурстарынын басымдуу бөлүгүн Салык жана Бажы кызматтары аткарды.
Салык кызматы 2024-жылы 230 млрд сом күтүлүүдө, 2023-жылдын такталган (181) көрсөткүчүнөн 49 млрд сомго көп.

Бажы кызматы 2024-жылга 117,4 млрд сом табат, 2023-ж. бекитилген (94,6) көрсөткүчтөн 22,7 млрд. сомго көп болот. 2023-жылы такталган бюджетти 107,6 млрд сомго чыгарып келип жатабыз. Бажы кызматы 1-жолу 100 млрддык чекти өттү.

Зулпукаар Сапанов.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: ИДПэкономика
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Евразиянын түштүк дарбазасы: Борбор Азия Оман аркылуу Перс булуңуна транзиттик жолду кантип ачып жатат?

Евразиянын түштүк дарбазасы: Борбор Азия Оман аркылуу Перс булуңуна транзиттик жолду кантип ачып жатат?

19.11.2026
ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

18.11.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

22.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
А. Касымалиев кытайлык «Geely Auto Group» компаниясы менен биргелешкен ишкана ачууну сүйлөштү

А. Касымалиев кытайлык «Geely Auto Group» компаниясы менен биргелешкен ишкана ачууну сүйлөштү

24.09.2026
Казакстан дүйнөдөгү атаандаштыкка жөндөмдүү экономикалар рейтингинде 38-орунду ээледи

Казакстан дүйнөдөгү атаандаштыкка жөндөмдүү экономикалар рейтингинде 38-орунду ээледи

15.09.2026
Саудиянын мунай түтүгүнө күчтүү сокку: Эр-Рияд мунай экспортунун резервдик багытынан ажырап жатат

Саудиянын мунай түтүгүнө күчтүү сокку: Эр-Рияд мунай экспортунун резервдик багытынан ажырап жатат

12.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.