Бишкек мэриясы үстүбүздөгү жылдын аягына чейин шаардын бир катар негизги көчөлөрүндө автобустар үчүн атайын тилкелерди уюштурууну пландаштырууда:
— Токомбаев көчөсү Н.Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;
— Байтик Баатыр-Абдрахманов көчөлөрүндө Жибек — Жолу проспектисинен Токомбаев көчөсүнө чейин;
— Жибек-Жолу проспектисинде Лермонтов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;
— Манас проспектисинде Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин;
— Ахунбаев көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;
— Ден-Сяопин проспектисинде Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;
— Чүй проспектисинде 7-апрель көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;
— 7-апрель көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Анкара көчөсүнө чейин.
Эске салсак, буга чейин Түштүк магистралдын 12-кичи райондон Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке чийилген.
Автобустар үчүн чийилген сары сызык менен бардык айдоочулардын жүрүүсүнө саат 20:00дөн 07:00гө чейин уруксат берилерин шаардык мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти билдирген.