Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери адам өлтүрүү пландаштырылган тоноо жана карактоо менен коштолгон оор кылмыштын алдын алышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын кызматкерлери Жалал-Абад облусунда каракчылык жана адам өлтүрүү фактыларын алдын алышты.
Жалал-Абад облусунун тургунунун үйүнө кол салуу 2024-жылдын 13-январында болгон. Кол салгандар акча каражатын жана башка баалуу буюмдарды алып качууну пландаштырышкан. Атайын операциянын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр, анын ичинде оор кылмыштын уюштуруучусу да кармалган.
Милиция кызматкерлери даярдалып жаткан каракчылык жана буйрутма киши өлтүрүү фактылары тууралуу маалыматты ыкчам каналдар аркылуу алдын ала билишкен. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Жалал-Абад облусунун шаарларынын биринде ишкердик менен алектенген жергиликтүү тургунду буйрутма менен өлтүрүү пландалып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Уюштуруучу кылмышка даярдануу максатында, өзүнүн тааныштарынын, анын ичинде мурда соттолгондорду кылмышка шерик катары издеп, аларга ири өлчөмдөгү акчалай сыйлык берүүнү убада кылган. Ал акча жана алтын буюмдар сакталган жерлерди көрсөтүп, үйгө кирүү учурунда кандай аракеттерди көрүү керектигин түшүндүрүп берерин ишендирген.
Топтолгон материалдардын негизинде КР ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 36, 122-беренесинин 10-бөлүмүнүн «Киши өлтүрүүгө даярдануу» боюнча кылмыш иши козголду.
Тоноо жана киши өлтүрүүнү уюштуруучу мурда соттолгон жаран экени аныкталган.
Ички иштер органдарынын кызматкерлерине пландалган кылмыштын айрым чоо-жайы, анын ичинде үйгө кантип кирип кол салуу болорун жана кайсы убакытта болору белгилүү болгон.
Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кылмыш иликтөө кызматкерлери каракчылык болгон жерге жакын жерде кылмышка шектүүнү кармоону уюштурушкан. Кылмыш болгон жерден кол салгандарды кармоо максатында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан атайын операция жүргүзүлгөн.
13-январь күнү жеке турак жайга кирип, каракчылык жасап жаткан жеринен Ш.В. жана К.Р. аттуу жарандар кармалган. Кармалгандардын бири кылмыштын уюштуруучусу, мурда соттолгон Жалал-Абад облусунун тургуну 1964-жылы туулган К.Р. аттуу жаран болгон.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Оперативники ГУУР МВД предотвратили тяжкое преступлениеСотрудники Главного управления уголовного розыска МВД КР предотвратили разбойное нападение и убийство в Жалал-Абадской области. Нападение на дом жительницы Жалал-Абадской области произошло 13 января 2024 года. Злоумышленники планировали завладеть денежными средствами и другими ценными вещами. В ходе спецоперации подозреваемые задержаны, в том числе организатор тяжкого преступления. Информацию о готовящемся разбойном нападении и заказном убийстве сотрудники ГУУР МВД получили заблаговременно по оперативным каналам. В январе 2024 года поступила оперативная информация о том, что на территории одного из городов Жалал-Абадской области планируется заказное убийство местной жительницы, занимающейся предпринимательством. Организатор налета в целях подготовки к преступлению искал в качестве соучастников лиц из числа знакомых, в том числе ранее судимых, обещая крупное денежное вознаграждение. Он убеждал, что покажет места хранения денежных средств и золотых изделий, и объяснит, как необходимо будет действовать во время проникновения в жилище.На основании собранных материалов Следственной службой МВД КР было возбуждено уголовное дело по статьям 36, 122 ч.10 «Приготовление к убийству» УК Кыргызской Республики. Было установлено, что организатором разбойного нападения и убийства является гражданин, ранее привлекавшийся к уголовной ответственности. Сотрудникам органов внутренних дел стали известны некоторые детали планируемого преступления, в том числе время и место нападения с проникновением в домовладение. В целях обеспечения безопасности граждан оперативники уголовного розыска организовали засаду в непосредственной близости от предполагаемого места преступления. Проводилась спецоперация ГУУР МВД с целью застигнуть злоумышленников на месте совершения преступных действий.13 января 2024 года во время проникновения частный в дом с целью разбойного нападения задержаны двое мужчин Ш.В и К.Р. Одним из задержанных является организатор преступления К.Р. 1964 года рождения, ранее судимый житель Жалал-Абадской области. В настоящее время в рамках уголовного дела осуществляются дальнейшие следственные мероприятия. Пресс-служба МВД
Опубликовано Тилеком Оторовым Воскресенье, 14 января 2024 г.






















