Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жер семирткичтерди жеткирүүлөрдө үзгүлтүктөрдү жаратканын, “Российская газета” басылмасы жазды.
Financial Times белгилегендей, жакын арада дүйнө глобалдык азык-түлүк тартыштыгына туш болушу мүмкүн, бул тамак-аш бааларынын кескин өсүшүнө алып келет. Жакынкы Чыгыш дүйнөдөгү жер семирткичтерди эң көп өндүргөн аймактардын бири болуп саналат.
Буга чейин Россия президентинин чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташтык боюнча атайын өкүлү, Россиянын түз инвестициялык фондунун башчысы Кирилл Дмитриев жер семирткичтер жана айыл чарба рыноктору Ормуз кысыгындагы кеме каттамына катуу көз каранды экенин эске салган. Дүйнөлүк жер семирткич компоненттеринин жеткирүүлөрүнүн олуттуу бөлүгү дал ушул кысык аркылуу өтөт: күкүрттүн 44 пайызы, мочевинанын 31 пайызы, аммиактын 18 пайызы жана фосфаттардын 15 пайызы.
«Жер семирткич рыногу, айыл чарба продукциясы да Ормуз кысыгына абдан көз каранды», — деп жазган Дмитриев X социалдык тармагында.
Ал белгилегендей, кысыктагы кемелердин жүрүүсүндө мүмкүн болгон үзгүлтүктөр товардык рынокторго олуттуу таасир тийгизип, дүйнөлүк агрардык секторго басым жасашы мүмкүн. Бул компоненттердин бардыгы жер семирткич өндүрүүдө колдонулат, ал эми жер семирткичтер дүйнөдөгү азык-түлүк өндүрүшүнүн болжол менен жарымын камсыздайт.
Эксперттердин айтымында, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунун фонунда көпчүлүк көңүл мунай рыногундагы кризиске бурулуп жатат. Бирок кырдаалдын курчушунун дүйнөлүк азык-түлүк өндүрүшүнө тийгизген кесепеттерин да баалабай коюуга болбойт.
“Биринчи түшүм жыйноо учурунда эле түшүм 50 пайызга төмөндөшү мүмкүн”, – деп эскертишет эксперттер.
Азыркы тапта жер семирткичтердин баасы кескин өстү. Financial Times маалыматына ылайык, мочевина 130 долларга кымбаттап, тоннасы 650 долларга жетти. Аммиактын тоннасы азыр 725 доллар болуп, февралдын ортосуна салыштырмалуу 130 долларга жогорулады.


















