Өзбекстандын президенти жана Малайзиянын премьер-министри Ташкенттеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзбек-малайзия достук мамилелерин жана көп пландуу өнөктөштүк маселелерин талкуулашты.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Ташкентте сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын жыйынтыгында тараптар көп пландуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшкандыгын өзбек лидеринин маалымат кызматы билдирди.
Бул иш сапар акыркы 16 жылда алгачкы ирет жасалып отурат.
«Малайзия – бир эле Түштүк-Чыгыш Азияда эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө динамикалуу түрдө өнүккөн чоң мүмкүнчүлүгү бар мамлекет. Биздин башкы максатыбыз сиздин өлкөңүз менен практикалык кызматташтыкты жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүү болуп саналат», – деди Өзбекстандын президенти.

Ал ошондой эле саясый диалогду жана парламенттер аралык байланыштарды мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүнө, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүүнү улантууну, гуманитардык жана билим берүү программаларын ишке ашырууну баса белгиледи.
Маалымат кызматтын билдирүүсү боюнча, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча, эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү эки эседен ашык жогорулаган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кызматташтыктын деңгээлин мындан ары да өнүктүрүүнүн жана өз ара соода-сатыктын көрсөткүчтөрүн теңдештирүүгө жетишүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Тараптар Өзбекстанда өзбек-малайзия өнөр жай аймагын түзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Кызматташтыктын соода-экономикалык күн тартибин системалуу кеңейтүү максатында учурдагы соода-сатык боюнча комитетти өкмөттөр аралык комиссияга кайра түзүп, анын биринчи жыйынын быйылкы жылы өткөрүү зарылчылыгы белгиленди.
Лидерлер ошондой эле Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азия, афган көйгөйлөрү боюнча актуалдуу маселелер боюнча аймактык өз ара аракеттенүү тууралуу пикир алышты. Мындан тышкары тышкы иштер министрлеринин «Борбордук Азия плюс АСЕАН» форматында диалог жүргүзгөн аянт түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунушталды.

















