Бүгүн Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев “Кабар” агенттигинде маалымат жыйын өткөрүп, Улуттук банк эсептик ченди 9% деңгээлинде өзгөрүүсүз калганын айтты.
Анын билдирүүсүнө караганда, үстүбүздөгү жылдын май айынан тартып Кыргызстанда инфляция орточо деңгээлде сакталып турат. Июль айында жылдык инфляция көрсөткүчү 4,2 пайызды түзгөн.
“Инфляция түзүмүндө азык-түлүк товарларына баалардын жылдык өсүш арымы 0,6 пайыз, азык-түлүктөн башка товарларга – 7,4 пайыз, ал эми кызмат көрсөтүүлөргө – 6,8 пайыз деңгээлинде калыптанды.
2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономикалык субъекттердин жогору керектөө жана инвестициялык жигердүүлүгү өлкөнүн экономикасынын 8,1 пайызга өсүшүн шарттады. ИДӨнүн жогору өсүш арымы курулуш жана кызмат көрсөтүү секторлорунун кыйла жогорулашынын натыйжасында түптөлдү. Мында калктын кирешесинин жана акча которууларынын таза агымынын өсүшү ички керектөөнүн артышына дале таасирин тийгизүүдө”, – деди ал.
Ошондой эле Мелис Тургунбаев өлкөнүн банк секторунун абалы туруктуу жана жогору ликвиддүү бойдон калып жатканын, экономиканы кредиттөө 6 айда 9 пайызга өскөндүгү байкалганына токтолду.
Мындан тышкары, Улуттук банк пайыз саясатын жеңилдетишинин натыйжасында, 2024-жылдын апрель айынын акырынан тартып банктар аралык акча рыногунда кыска мөөнөттүү пайыздык чендер төмөндөгөндүгү байкалып, белгиленген пайыздык чендеринин төмөн чегинде калыптангандыгын белгиледи.
Ички валюта рыногунда алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталып турат, ал эми апрель айынан тартып чет өлкө валютасын сунуштоо көлөмүнүн ага суроо-талаптын жогору болушу, учурда улуттук валютанын бекемделишин шарттаган.
Геосаясий факторлордун жана дүйнөлүк финансы жана чийки зат рынокторунда жогору өзгөрүлмөлүүлүктүн сакталып турушунун алкагында тышкы экономикалык шарттар ар башка мааниде сакталып турат.
Акыркы айларда азык-түлүк рыногунда дүйнөлүк баалардын узак убакыт бою төмөндөгөндөн кийин кайрадан акырындап жогорулап жаткандыгы байкалган. Кыргызстандын айрым соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө инфляциялык процесстер салыштырмалуу жогору деңгээлде түптөлүүдө.
Инфляциянын тышкы жана ички факторлорунун тенденцияларына баа берүүдө өтүп жаткан жылдын акырына карата жылдык инфляция көрсөткүчү орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүч – 5-7% чегинде калыптанышы белгиленген. Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда баалардын өзгөрүлмөлүүлүгүн жана мамлекеттин тариф саясатын планга ылайык өзгөртүлгөнүн эске алуу менен, ошондой эле калктын инфляциялык күтүүлөрүн андан ары төмөндөтүү максатында Улуттук банктын эсептик чен өлчөмүн 9% деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алган.
Бул чечим Улуттук банктын өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган акча-кредит саясатынын багытына туура келери айтылды.
Улуттук банк тышкы жана ички инфляция факторлоруна баа берип турат жана тышкы чөйрөдө дале сакталып турган тобокелдиктерди эске алуу менен кылдат акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантууда.
Ал жыйындын жүрүшүндо доллардын курсу боюнча суроого жооп берип жатып “Жайында көптөгөн туристтер келет, доллардын көлөмү көбөйүп, ушундай тенденция жаралууда. Улуттук банк күн сайын абалга көз салып, текшерип турат. Валюта рыногундагы туруктуулукту сактап туруу үчүн жыл башынан бери 15 интервенция жасадык, 3 жолу доллар сатсак, 12 жолу доллар сатып алдык. Жалпы 380 миллион долларлык интервенция жасалды”, — деди
Эске салсак, жайдын башталышынан бери Улуттук банк валюта рыногунан 202,5 миллион доллар сатып алды. Эми Улуттук банктын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки план чегинде отуруму 2024-жылдын 26-августунда өтөт.



















