Газага болгон чабуулдар максаттарына жеткен жок.
Израилдин ультраоңчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир Газа боюнча жетишилген жана жакын арада күчүнө кире турган ок атышпоонун алкагында, эгерде «ХАМАС Газада кала берсе», премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүн кулатуу менен коркутту.
Америкалык X социалдык тармагында жарыялаган билдирүүсүндө Бен-Гвир туткундардын кайтарылып келишине кубанычтарын билдирип, бирок Газага болгон чабуулдар өз максаттарына жеткен эмес деп айтты.
Ультраоңчул министрдин айтымында, Израил түрмөлөрүндө өмүр бою эркинен ажыратылган 250 палестиналык туткунду бошотуу — бул «өтө жогорку баа». Ал алардын партиясы «Йеудит ха-Коах» («Еврей күчү») келишимди өкмөт жыйынында колдобой турганын билдирди.
Анын сөзүндө негизги максат — «ХАМАС жетекчилигин жок кылуу» жана бул маселе боюнча Нетаньяху ага убада берген.
«Бизди алдай албайт. Эгер ХАМАС жетекчилиги бийликте кала берсе, анда “Йеудит ха-Коах” партиясы өкмөттөн чыгат», — деди Бен-Гвир.
Израилдин Channel 14 телеканалы кабарлагандай, Газада жетишилген жана жакында күчүнө кире турган ок атышпоону талкуулаган Израил коопсуздук кабинети жыйынынын соңунда кеңейтилген өкмөт жыйыны кечеңдеп башталары маалым болду.
Бул кечигүү Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы, мурдагы кеңешчиси Жаред Кушнер менен жолуккандыгына байланыштуу экени айтылды.



















