Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын бүгүн 9-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Мекеме 2008-жылдан бери Көлбаев “криминалдык империя” түзүп келгенин, кармалган адамдар анын жетекчилиги менен опузалоо жана рейдерлик аркылуу мүлк жана активдерди мыйзамдаштырып, башка да кылмыштарды жасап келишкенин, мыйзамсыз баюу жана саясатка кийлигишүү болгонун, ал таза бизнеске жамынып, таза иштеген ишкерлердин эсебинен өзүнө караштуу бизнес-структураларды түзүп жүргөнүн маалымдады.
УКМК билдиргендей, Көлбаевдин жана анын туугандарынын, жакындарынын мыйзамсыз активдеринин катарында 850 кыймылсыз мүлк бар – өзгөчөлөнгөн кымбат үйлөр (особняк), коттеждер, элиталык клуб үйлөрү, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык кымбат баалуу люкс үлгүсүндөгү автоунаа, зер буюмдар ж.б.
Атайын кызмат мамлекеттин жана ишкерлердин менчигинен мыйзамсыз чыгарылып кеткен мүлктү ээлерине кайтарып берүү иши жүргүзүлөрүн, алардын бири курулуп жаткан 700 батирлүү эки объект экенин кабарлады.
Алдын ала эсептөө боюнча Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен ээлик кылган активдеринин жалпы наркы 1 миллиард доллар деп бааланып жатканын билдирген УКМК бул алгачкы гана жыйынтык экенин, издөө иштери эми Кыргызстандан тышкары Орусия, Казакстан, Грузия, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери (Дубай) жана Жапония өлкөлөрүндө да улантылары айтылды.
УКМК 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган.
Кийин интернетте өзүн Көлбаевдин жесири деп тааныштырган келиндин видеосу чыккан. Ал үй-бүлөсүнө таандык айрым объектилергө мөөр басып, жаап кетип жатышканын, бирок анын баары банктан алынган насыяга салынганын, тастыктоочу документтери бар экенин, чет жакта эч кандай банк эсептери жоктугун айткан. (RK)
Булак: “Азаттык”.