Түрк парламенти Швециянын НАТОго кошулуу протоколун ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Эми документке Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кол коюшу керек жана ал өкмөттүк гезитке жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Мамлекет башчысы жарлыкка кол коюуну 15 күндүн ичинде кароого укуктуу.
Демилгени 346 депутаттын 287си колдоп, 55и каршы болуп, төртөө калыс калды.
Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон бул кабарга дароо реакция жасап: «Бүгүн биз НАТОнун толук кандуу мүчөсү болууга бир кадам жакындадык», – деп билдирди.
Анкара Стокгольмдон терроризмге каршы күрөшүү боюнча келишимдерди ишке ашырууну жана коргонуу продукциясын жеткирүүгө эмбаргону алып салууну талап кылган. Швеция 2023-жылдын декабрынын аягында түрк компанияларына мындай экспортко уруксат бере баштаганын жарыялагандан кийин, Түркия Стокгольмдун НАТОго мүчөлүгү боюнча жылыштарды күтөрүн билдирди.
Бирок Швеция азырынча НАТОго мүчө боло албайт: анын арызы Венгрия тарабынан ратификациялана элек.
Ошентсе да 23-январда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан швециялык кесиптеши Ульф Кристерсонду Швециянын НАТОго кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Венгрияга келүүгө чакырды.



















