АКШнын президенти Дональд Трамп украин тараптын АКШ менен кен байлыктар боюнча келишимге “дароо” кол коюшун күтөөрүн билдирип, бул үч жумага кечигип жатканын белгиледи.
Бул тууралуу Трамп өзүнүн Truth Social баракчасына жазганын РИА новости агенттиги жазды.
“Владимир Зеленский Украина үчүн абдан маанилүү минералдык келишим боюнча жыйынтыктоочу документтерге кол койгон жок. Кеминде үч жума кечигүүдө. Ага дароо кол коюлат деп үмүттөнөм”, – деп жазган Трамп.
Ал өзүнүн билдирүүсүндө Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөр ырааттуу жүрүп жатканын жазып, келечекте ийгиликке жетээрине ишенерин кошумчалаган.
17-апрелде Трамп Украина менен жаратылыш ресурстары боюнча келишимди 24-апрелде түзүүнү пландаганын жарыялагандан кийин, АКШнын каржы министри Скотт Бессент келишим февраль айында кол коюлушу керек болгон келишимге негизделгенин тактаган.
Ал эми Украинанын экономика министри Юлия Свириденко АКШ менен Украинанын жаратылыш ресурстары боюнча келишим түзүү ниетин тастыктаган меморандумга кол коюлганын жарыялаган. Бирок текстти аягына чейин иштеп чыгып, парламентке жөнөткөндөн кийин кароого коюлат.
Украина Трамптын акыркы билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.
Эскерте кетсек, Вашингтон менен Киев АКШнын Украинанын кен байлыктарына байланыштуу келишимге кол коюуну пландап, Владимир Зеленский Ак үйгө барган. Тараптардын Овал кабинетиндеги жолугушуу учурунда Зеленский Трамп жана вице-президент Жей Ди Вэнс менен пикир келишпесттикке барып, документке кол коюу үзгүлтүккө учураган.















