Дональд Трамп АКШнын «америкалык кызыкчылыктарга мындан ары кызмат кылбай калган» 66 эл аралык уюмдан жана мекемеден чыгуусу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Ак Үйдүн сайтында кабарланды.
Бул уюмдардын 31и — АКШнын улуттук кызыкчылыктарына, коопсуздугуна, экономикалык гүлдөп-өнүгүүсүнө же суверенитетине каршы иш алып барган Бириккен Улуттар Уюмунун түзүмдөрү. Трамптын жарлыгына ылайык, бардык департаменттер жана агенттиктер бул уюмдарды каржылоону токтотууга тийиш.
«Бул америкалык салык төлөөчүлөрдүн каражаттары АКШнын артыкчылыктарына зыян келтирген глобалисттик кызыкчылыктарды илгерилеткен же маанилүү маселелерди натыйжасыз же акылга сыйбаган түрдө чечкен уюмдарды каржылоого жана аларга катышууга чек коёт», — деп айтылат Ак Үйдүн билдирүүсүндө.
АКШ чыгып жаткан уюмдардын толук тизмеси Ак Үйдүн сайтында жарыяланган. Алардын арасында Венеция комиссиясы, БУУнун Эл аралык укук комиссиясы, БУУнун Эл аралык соода борбору, Украинанын илимий-технологиялык борбору, БУУнун Башкы катчысынын балдарга карата зомбулук маселеси боюнча атайын өкүлүнүн кеңсеси жана башка уюмдар бар.
Экинчи президенттик мөөнөтүндө Трамп АКШнын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан (ДСУ), БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен, Палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү боюнча БУУнун Жакынкы Чыгыш агенттигинен (БАПОР), ошондой эле ЮНЕСКОдон чыгуу тууралуу жарлыктарга кол койгон (бул чечим 2026-жылдын декабрь айынын аягында күчүнө кирет).
















