Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 22-августта эки күндүк мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды. Бул тууралуу Акорда маалымдады.
Токаевди аэропорттон Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.

Тажик президентинин басма сөз кызматы маалымдагандай, аэропорттогу кыска маектешүү учурунда Рахмон мамлекеттик сапардын жыйынтыгы эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди, кызматташтыкты жана тилектештикти чыңдоого жана кеңейтүүгө жардам берерине ишеним билдирди.
Сапардын алкагында тар чөйрөдө жана эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын курамында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болот.

Ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Ошондой эле Токаевдин мамлекеттик сапарынын алкагында, бүгүн “Кохи Борбад” комплексинде Казакстандын маданият күндөрүнүн ачылышы болору күтүлүүдө. 22-23-августта казак өнөрпоздору Бохтар жана Хожент шаарларында маданий программа тартуулары пландалууда.
Казакстан Тажикстандын эң маанилүү соода өнөктөштөрүнүн бири. Расмий маалыматтарга караганда, 2023-жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 1 миллиард доллардан ашкан жана жакынкы аралыкта тараптар бул көрсөткүчтү 2 миллиард долларга жеткирүү ниетинде.
Касым-Жомарт Токаевдин Душанбеге акыркы жолу 2023-жылдын сентябрь айында барган.

















