Касым-Жомарт Токаев Казакстан Орусия аймактык доомат коет деп кооптонбой турганын айтты. Бул тууралуу ал Германиядагы расмий сапары учурунда билдирди.
“Орусия менен Казакстандын чек арасы делимитацияланып, негизинен демаркацияланган. Эки өлкөнүн парламенттери тарабынан тастыкталган жана ратификацияланган. Ошондуктан Орусиянын аймактык дооматтары боюнча бизде эч кандай кооптонуулар жок”, — деди Токаев.
Муну менен катар Касым-Жомарт Токаев Астана Батыштын Орусияга каршы санкцияларын “аткарарын” билдирди.
“Казакстан Батыштын Орусияга каршы санкцияларын сактайт. Биз санкциялык режимди сактоо үчүн бардык тиешелүү уюмдар менен байланыштабыз”,-деди Токаев Берлинде Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолуккандан кийинки биргелешкен маалымат жыйында.
Казакстан менен Орусия делимитациялоо келишимине 2005-жылы кол койгон. Бирок иш жүзүндө Орусия менен чек араны тактоо иштери дагы эле бүтө элек деп эсептелет. 2021-жылы Атырау облусунун Көптогай айылында жергиликтүү тургундар чек ара мамыларынын орнотулушуна нааразылык билдиришкен. Алар бул иш суу алууга тоскоол болорун айтышкан. Казакстандын чек ара кызматы эч кимге жер берилбегенин, өзөнгө бара турган жол сакталарын кабарлаган.
2023-жылы февраль айында Казакстандын Чек ара кызматы өлкөнүн чыгышындагы 300 чакырым жерде Орусия менен чек ара сызыгы аныктала электинин билдирген.
Орусиялык саясатчылар маал-маалы менен Казакстанга аймактык дооматтарды коюп келишет. Айрыкча, Украинада согуш башталгандан кийин орусиялык ишмерлердин чагымчыл билдирүүлөрү көп пайда болууда. Муну казакстандыктар республиканын аймактык бүтүндүгүнө доо кетирүү аракети катары сыпатташууда.