Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Евразия экономикалык биримдигинин транспорттук-транзиттик потенциалын чыңдоо зарыл экенин экенин билдирип, демилге катары Челябинск-Болашак-Иран темир жол магистралы аркылуу жогорку ылдамдыктагы жүк ташуучу поезддерин ишке киргизүүнү сунуштады.
Бул тууралуу ал Москвада Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында билдирди.
Токаевдин айтымында, жаңы эл аралык транспорттук артерияларды түзүү да интеграциянын маанилүү багыты болуп калышы мүмкүн.
Ал Россиянын Кытай, Индия, Пакистан, Иран, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери багытында коридор түзүү ниетин кубаттады.
“Түндүк-Түштүк транспорт коридорун Транскаспий жолу менен бирге өнүктүрүү зарылдыгын түшүнүү жетилди деп эсептейм. Буга байланыштуу Казакстан өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн жана ресурстарын колдонуу менен ЕАЭБдин ишенимдүү логистикалык хабы боло алат. Демилге катары биз Челябинск-Болашак-Иран темир жол линиясы боюнча ылдам жүрүүчү жүк поезддерин ишке киргизүүнү сунуштайбыз”, – деди казак президенти.
Ал бул үчүн Челябинск шаарында жүктөрдү консолидациялоо борборун түзүү менен Түндүк-Түштүк коридорунун инфраструктурасын колдонууга болорун белгиледи.
“Казакстан өз кезегинде Бейнеу-Маңгыстау темир жол тармагындагы жана Бейнеу-Шалкар автожолунун тилкесиндеги “тар жерлерди” реконструкциялоого даяр”,- деп кошумчалады Токаев.
Мындан тышкары, ал Иран менен Түркмөнстандын деңиз жана кургак портторунун инфраструктурасын курууга биргелешкен инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн кароого болорун белгилеп, бул уюмга мүчө мамлекеттердин экспортунун географиясын бир топ кеңейтип, логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү бекемдей турганын кошумчалады