«The Economist» журналы өзүнүн аналитикалык материалында төмөнкүдөй пикирди жазды:
Израиль чоң ыктымалдыкта Иран менен кагылышууга азырынча даяр эмес. Себеби ал мурдагы согушта колдонулган зениттик ракеталарын али толук алмаштыра элек. Ошондой эле АКШнын деңиз күчтөрү азырынча аймакта жок, ал эми аларды кайра жайгаштыруу белгилүү бир убакытты талап кылат.
Израилдин чалгындоо кызматтарынын баамында, эгер Дональд Трамп Иранга кол салса, Иран жооп иретинде аймактагы АКШнын союздаштарына, анын ичинде Израилге да сокку урат.















